Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке мүлктөрдү кайтарууда айрым мүчүлүштүктөр кеткен.
Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Максат Асаналиев 23-ноябрда өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун жер-жерлерде жарандар менен жолугушууларында дал ушул маселелер көтөрүлүп жатат.
УКМКнын жетекчиси коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштүн алкагында бир катар мүлктөр мамлекеттин менчигине белгиленген тартипте өткөрүлгөнүн, бирок айрымдарында кемчиликтер болгонун моюнуна алды.
“Мындай кемчиликтер боюнча УКМК тиешелүү тыянактар чыгарылып, мындан ары андай нерсеге жол бербөөгө чаралар көрүлүүдө”, - деди Асаналиев.
Кыргызстанда 2020-жылдан кийин коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке мүлктөр кайтарылып жатканы байма-бай жарыяланып келген.
Бул иштин башында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев турганы айтылчу. Бирок быйыл Ташиев кызматтан алынгандан кийин мүлктөрдү мамлекетке алууда УКМК баштаган күч органдарынын айрым кызматкерлери мыйзамдарды бузганы ашкере болгон.
Мүлктөрдү баалоо боюнча өкмөттөн чекилик кеткенин буга чейин президент Садыр Жапаров да белгилеп, УКМКнын мурдагы төрагасынын казынага 4 миллиард доллар түштү деген сөзүн төгүндөгөн.