Конгрессмендер Трампты G20 саммитине Путинди катыштырбоого үндөштү

Владимир Путин менен Дональд Трамп Кытайда өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы уюмунун (АТЭК) саммитинин алкагындагы жолугушууда. (Архив)

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын эки партиядан турган 20 мүчөсү президент Дональд Трампты Орусиянын президенти Владимир Путинге G20 саммитине жөнөтүлгөн чакырууну кайтарып алууга үндөдү. Конгрессмендер Дон Бэйкон, Пэт Райан жана Гил Сиснерос демилгечи болгонун "Азаттык" радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Алекс Рауфоглу билдирди.

Конгрессмендердин кайрылуусунда эки негизги себеп келтирилген. Биринчиси, Орусиянын Украинага каршы согушу. Экинчиси, Москванын Иранга спутниктен алынган сүрөттөрдү жана чалгын маалыматтарын берип, алардын АКШ аскерлерине каршы чабуулдарды уюштуруусуна көмөктөшкөнү.

«Азыр G20 сыяктуу аянтчаларда Орусия менен экономикалык кызматташтыкты талкуулай турган учур эмес. Эл аралык коомчулук Москвадан Украинадагы адилетсиз согушту токтотууну талап кылууну улантышы керек», - деп айтылдыкайрылууда.

Конгрессмен Дон Бэйкон социалдык тармактарда Алекс Рауфоглунун маалыматын бөлүшүп, «Путинди Америкада күтүп жаткан эч ким жок» деп жазды.

G20 саммити быйыл декабрда Майами шаарында өтөт. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сентябрда Путинге саммитке катышуу үчүн расмий чакыруу жөнөтүлгөнүн билдирген. Ошол эле учурда "Азаттыкка" сүйлөгөн үч европалык аткаминердин айтымында, Рубио жеке сүйлөшүүлөрдө Путин бул чакырууну кабыл аларынан күмөн санарын билдирген.

Дагы караңыз

"700 миңдей орус аскери каза тапты". Росстаттын купуя маалыматыТаластагы мушташ: Шектүүлөрдүн бири милиция кызматкери Кыргызстанда интернет шылуундарына каршы "Антифрод" системасы иштелип чыкты"Кемчилик жана мүчүлүштүк болгон". Мамлекетке өткөн мүлк, УКМКнын билдирүүсү