Өзбекстан бөтөн армиядагы кызматтын жазасын күчөтмөй болууда

Өзбекстан, Олий Мажлис

Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы 24-ноябрда өлкө жарандарынын чет мамлекеттердин армиясына жана күч түзүмдөрүнө кызматка кириши, ошондой эле аларды жалдоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин катаалдаштырууну караган мыйзам долбоорун биринчи жана экинчи окууда жактырды.

Документке ылайык, чет өлкөнүн аскердик же күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөр үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөө же эркинен ажыратуу менен жазаланат. Учурда мындай аракет үчүн айып пул же үч жылга чейин түзөтүү иштери каралган.

Ошондой эле Өзбекстандын жарандарын чет өлкөлүк армияларга же күч түзүмдөрүнө жалдагандар үчүн жаза күчөтүлүп, беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Азыркы мыйзам боюнча мындай кылмыш үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөө же эркинен ажыратуу каралган.

Мыйзам долбоорун тааныштырган депутат Сайдулло Азимов акыркы жылдары өзбек жарандарынын чет өлкөлөрдөгү куралдуу жаңжалдарга тартылган учурлары көбөйгөнүн белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылы мындай кылмыштардын саны дээрлик 12 эсе өскөн.

Ал эми жалданмачылык үчүн каралган азыркы жаза өзгөрүүсүз калууда. Бул беренеге ылайык, күнөөлүүлөр беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мыйзам күчүнө кириши үчүн ал үчүнчү окуудан өтүп, Сенатта колдоо таап, президент кол коюшу керек.

Өткөн жылдын ноябрында Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы 2022-жылдан бери өлкөдө жалданмачылык беренеси боюнча 338 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Украинанын мамлекеттик «Хочу жить» долбоорунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын октябрына карата Орусия Украинадагы согушка катышуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн 20 миңден ашуун жаранын жалдаган. Алардын болжол менен 40 пайызы Өзбекстандын жарандары экени айтылган.

Ошондой эле жакында ачыкка чыккан Росстаттын маалымат базасына негизделген изилдөөдө Орусия Украинага басып киргенден бери орус армиясынын катарында кеминде 1301 өзбекстандык каза болгону белгиленген.

Дагы караңыз

Еврокомиссия Орусияга каршы санкциялардын 22-пакетин сунуштадыКонгрессмендер Трампты G20 саммитине Путинди катыштырбоого үндөштү"700 миңдей орус аскери каза тапты". Росстаттын купуя маалыматыТаластагы мушташ: Шектүүлөрдүн бири милиция кызматкери