Жатын моюнчасынын рагынын алдын алууга арналган иш-чара өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жатын моюнчасынын рагынын алдын алуу жана скринингге арналган иш-чара өтөт.

"Бирюза ноябры" аталган кампания 25-ноябрда, саат 10:00до №1 Үй-бүлөлүк медицина борборуна белгиленген.

Анда үй-бүлөлүк дарыгерлер скрининг ыкмалары, адамдын папиллома вирусунун (АПВ) генетикалык материалын аныктоочу лабораториялык анализ тууралуу маалымат беришет.

Келгендер иш-чарада кайсы учурда текшерилүү керектигин, симптомдорду эмнеге күтүүгө болбосун жана заманбап диагностика үчүн кайда кайрылуу жол-жобосун биле алат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагы онкологиялык дарттардын ичинен 7,1% (500) түзүп төртүнчү орунда турат.

Республикалык иммундук профилактика борбору 2022-жылдан тарта жатын моюнчасынын рагына каршы эмдей баштаган.

  • Адамдын папиллома вирусу (АПВ) - жыныстык жол менен жуга турган инфекция. Медицинада вирустун 200дөн ашуун түрү белгилүү. Алардын айрымдары онкогендүү болуп, аялдар арасында жатын моюнчасынын, жыныс кынынын рагына өтүп кетиши ыктымал. Вирустун өтө агрессивдүү эмес түрлөрү жыныс органдарынын сыртында сөөл пайда кылышы мүмкүн. (ST)

Дагы караңыз

Еврокомиссия Орусияга каршы санкциялардын 22-пакетин сунуштадыКонгрессмендер Трампты G20 саммитине Путинди катыштырбоого үндөштүТаластагы мушташ: Шектүүлөрдүн бири милиция кызматкери Мигрант ата-энеге талапты күчөтүү сунушталды