COP31 климат саммити чыр менен аяктады
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Түркиянын Анталия шаарында өткөн COP31 климат саммити негизги документ кабыл алынбай, чыр менен аяктады. Негизги талаш жыйынтыктоочу документте мунай, газ жана көмүрдү колдонуудан акырындап баш тартууга чакырык камтылышы керекпи деген суроонун айланасында болду. Экологиялык уюмдардын өкүлдөрү Анталиядагы жыйынды климат саммиттеринин тарыхындагы эң начарларынын бири деп аташты.