Орусиянын Украина аймактарына жасаган соңку чабуулдарынан кеминде төрт киши каза болуп, 53 адам жараат алды.
Запорожьеде эки киши каза болуп, жабыркагандардын саны 50гө жетти. Алардын арасында бир ымыркай, төрт кичине бала бар. Чабуулдан жеке турак жайлардын бири кыйрады.
Киевде дрон сыныктары Шевченко районундагы көп кабаттуу үйгө түшүп, эки адам жабыркады. 16 кабаттуу үйдүн биринчи эки кабатында жана короосунда өрт чыкты. Өрттүн аянты 50 чарчы метрди түздү.
Ошондой эле Киевдин Голосеево районунда дрон кулаган жерде кампа өрттөндү.
Одесса облусундагы чабуулдардан эки киши каза болуп, дагы үчөө жараат алды. Каза болгондордун бири 41 жаштагы эркек, экинчиси 17 жаштагы өспүрүм экени маалымдалды. Жараат алгандардын арасында 12 жаштагы бала бар.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Одесса районунда өндүрүш имараты жана үч жеңил автоунаа жабыркап, чыккан өрт өчүрүлгөнүн билдирди. Подольск шаарында сокку ачык аймакка тийип, гараж менен эки автоунаа зыян тартты. Өспүрүм ошол жерде каза тапты.