Чүйдө №21 тергөө абагынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

№21 тергөө абагы.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагынын жаңы салынган имараты 25-ноярбда пайдаланууга берилди. ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев бул жайдын ачылышы жазык-аткаруу тутумун жаңылоодогу маанилүү кадам экенин белгиледи.

Бул имаратка 1943-жылдан бери Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан эски тергөө абагы көчүрүлөт. Жаңы комплекс Ысык-Ата районунун Төмөнкү Норус айылында жайгашкан.

Жаңы объекти 1500 орунга ылайыкташкан, жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт. Кызматкерлер үчүн 48 батирден турган кызматтык турак жай салынган.

Комплекстин ичинде сот залдары ачылган, ал жерде соттук жараяндарды жүргүзүүгө болот.

Бишкектин Горький – Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайгашкан, эл арасында СИЗО-1 деп айтылган №21 тергөө абагынын эскилиги жетип, шарты начар экени боюнча маселе көп көтөрүлүп келген.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул жайды көчүрүү планы тууралуу 2023-жылы билдирген.

Дагы караңыз

Сот Орунбековго байланыштуу арызды кайра териштирүүнү милдеттендирдиАрмения: Конституциянын жаңы долбоорунда Тоолуу Карабактан баш тартуу каралганУкраина: Соңку чабуулда набыт болгондордун арасында ымыркай бар "Камбар-Ата-1": Британия долбоорго катышууга кызыкдарлыгын билдирди