Ош облусунун “Эркечтам” өткөрмө бекетинде жасалма өткөрмө кагаздарын даярдоо жана берүү фактысы боюнча эки чек арачы кармалды. Башкы прокуратура билдиргендей, мыйзам бузууну Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы менен Чек ара кызматынын башкы башкармалыгы аныктаган.
“Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин айрым аскер кызматкерлери жарандарга 1000 сомдон 4000 сомго чейин акчалай сый акы алуу менен системалуу түрдө жасалма өткөрмө кагаздарын даярдап, берип келишкен”, - деп жазылган билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) жана 379-беренеси (“Документтердин жасалмасын жасоо”) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган эки кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул окуяга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери уланууда. Кармалган тараптын өкүлдөрү, жакындарынан кандайдыр бир комментарий боло элек.
Президент Садыр Жапаров 12-октябрда Баткен облусунун жарандары менен жолугушууда чек арадагы аткезчиликке байланыштуу 15тей бажы жана чек ара кызматкерлери кармалганын билдирген.
Ал аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча катуу талап коюлганын айткан.