26-ноябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Украинанын баш калаасы Киевге дрондор жана баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, чабуулдардын кесепетинен кеминде жети адам жараат алды.
Киевдин мэри Виталий Кличко Telegram баракчасында билдиргендей, жарадар болгондордун үчөө ооруканага жаткырылган, алардын экөөнүн абалы оор.
Соккулардын бири Киевдин Деснянск районундагы соода борборуна тийген. Чабуулдун кесепеттерин Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы жарыялады.
Украинанын башка аймактары да соккуга кабылды. Бейшемби эртең менен Харьков облусунда дрон көп кабаттуу үйгө тийип, эки адам каза болду. Днепропетров облусунда 26-ноябрга караган түнү төрт районго сокку урулуп, 46 жаштагы жаран жаракат алды.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусиянын түнкү чабуулунда 113 учкучсуз аппарат жана "Искандер-М", "Циркон" жана С-400 үлгүсүндөгү баллистикалык ракеталар колдонулган. 87 дрон атып түшүрүлгөн, ал эми тийген же сыныктары кулаган учурлар 20 жерде катталган.
Согуш шартында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. Украин тарап баллистикалык ракеталарды атып түшүрүү тууралуу маалыматтарды таратпай калган.