Абактагы саясатчы Мавлян Аскарбековдун Бишкек шаардык сотундагы 26-ноябрга белгиленген отуруму болбой калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын жакындары билдирип, бул Бишкектеги №21 тергөө изоляторунун жаңы комплекске көчүрүлүп жатышы менен түшүндүрүлдү.
Кийинки процесс 8-декабрга белгиленди.
Ленин райондук соту 29-сентябрда Мавлян Аскарбековду эки жылга абакка кескен. Саясатчы тергөөчү ага коюлган айыпты далилдей албаганын, айыбы жок экенин айткан. Райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.
Мавлян Аскарбековго Фейсбуктагы билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кине тагылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат берген эмес.
Саясатчы кармалганы 12-июнда белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына өзү тууралуу провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал учурдагы бийликтин айрым иштерин сындаган пикирлери менен бөлүшүп, коомдогу окуяларга көз карашын билдирип жүрчү.