Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-ноябрда Ала-Арча жаратылыш паркында адашып калган 17 жаштагы жаран куткарылганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ошол күнү саат 18:59да ӨКМге чалуу түшүп, 2009-жылы туулган жаран тоодо адашып, өз алдынча түшө албай жатканы боюнча кабарланган.
Анын "Комсомолец" чокусуна баруучу жолдогу “Тепши” чекитинен жогору жактан экени аныкталган.
“Саат 19:10до куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп, саат 20:34тө өспүрүмгө жетишкен. Натыйжада, саат 21:45те өспүрүм аман-эсен базага түшүрүлүп, андан соң милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Жарандын абалы канааттандырарлык болуп, медициналык жардамга муктаж болгон эмес», - деп жазылган маалыматта.
ӨКМ жарандарды тоолуу аймактарга чыгууда этият болууга, аба ырайын эске алып, тоого жалгыз чыкпоого, белгиленген каттамдан чыкпоого чакырат.
7-ноябрда Ала-Арча капчыгайына барып, дайынсыз болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү 9-ноябрда табылган.
Жакындарынын айтымында, Амир 7-ноябрда эртең мененки саат жетилер чамасында Ала-Арчада чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн үйдөн чыккан. Уюштуруучулар анын жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырбай коюп, ал Адыгене капчыгайы тарапка басып кеткен.
Кунакунов кечке жуук Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өзү чалып, адашып кеткенин кабарлаган. Андан кийин байланыш үзүлгөн. Куткаруучулар өспүрүмдү табышкан эмес.
Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу министр Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берген. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул эле күнү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асановду жана министрликтин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиевди кызматтан алган.
Кийин Азис Эгембердиев кармалып, 21-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин кабыл алган.
ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов да кызматынан бошотулган