Бир жыл мурда грузин-орус согушу тутанган

Грузиянын Гори капчыгайы жанында жаштар былтыркы согуштун 1 жылдыгын белгилешти. 7-август, 2009-ж.

Грузия менен Орусия ортосундагы согуш беш күнгө уланып, орус аскерлери жикчил Түштүк Осетиядан грузин армиясын сүрүп чыгарган.
Бүгүн Грузиянын борбору Тбилисиде улуттук байрактарды желбиреткен студенттер башкы көчөдө чакан өрт коюп, отту тегерете туруп алып: “Жашасын Грузия!” деп кыйкырып жатышты. Ал жерде турган Мариам атуу студент кыз былтыркы кандуу окуяларды эскерүү иш чаралары бир нече күн бою уланаарын айтат:

- Бүгүн бул жерде от коюп, биз Грузияны Орусиянын баскынчылыгынан тазалагыбыз келет. От – тазалануунун, улуттук биримдиктин белгиси, мындай акциялар Грузиянын бардык жерлеринде өтмөкчү.

Былтыр 8-августка караган түнү Грузиянын куралдуу күчтөрү жикчил Түштүк Осетия тарапка ок жаадырып кирген. Тбилисилик жетекчилер анын алдында Түштүк Осетия тараптан бир нече ирет курал колдонулгандыктан ушундай кадамга барганын айтышат. Дагы бир жагынан бул окуялар – соңку жылдары ортодогу мамилелери кыйла салкындап-курчуп кеткен Орусия-Грузия ортосунда от чыккандай кабыл алынган.

Андан бери бир жыл өтсө да, эки тарап дале былтыр августтагы уруш үчүн бири-бирин айыптап келет. Грузия өзү Түштүк Осетия тарапка кеңири ок ачаар алдында орус аскерлери туннел аркылуу жикчил чөлкөмгө жойлоп өтө баштаганын, Москва бул согушту грузин өкмөтүн Батышчыл саясаты, НАТОго кошулуу ниети үчүн жазалоо акты катары пайдаланганын айтат.

Москва ал окуяларды таптакыр башкача өңүттөн сүрөттөйт. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Андрей Нестеренконун жума күнү кабарчыларга айтканын угуп көрсөк:

- Былтыр, ал түнү Саакашвили мырза тынч уйкуда жаткан Түштүк Осетиянын бейкапар жарандары менен Орусиянын бейпилдик күчтөрүнө каршы акылга сыйбаган, адамгерчиликсиз чабуул койгон. Ал жерде орус аскерлери көп жылдардан бери Кавказдын кеңири аймагын байырлаган элдердин тынчтыгын коргоп келаткан. Грузия баскынчылык операциясын баштап, анда адамды аябаган чачырама бомбаларды, ракеталарды, 500 килограмдык бомбаларды кенен кесири колдонду.

Эмнеси болсо да, ортодогу оттон тутанган уруш беш күнгө созулуп, орус армиясы бат эле Грузиянын куралдуу күчтөрүн Түштүк Осетиядан сүрүп чыгарып, ал гана эмес аларды грузин аймагында да аңдып-аткылап отуруп, Тбилисиден 40 чакырымдай жерге кирип барган. Орусиянын согуштук авиациясы Гори капчыгайынын тегерегин, грузин армиясынын айрым маанилүү объектилерин асмандан бутага алды. Евробиримдик чукул жыйын өткөрүп, Тбилиси менен Москванын ортосундагы урушка ортомчулук кылып, элдешүүгө көндүргөнгө дейре ал уруш 400дөй жайкын тургундун өмүрүн алып, баш-аягы 200 миңдей киши үй-жайын таштай тынч жай издөөгө мажбур болду.

Орусия аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болуп, бирок иш жүзүндө Грузиядан көптөн бери бөлүнүүгө умтулуп келаткан Түштүк Осетия менен Абхазияда көп сандуу аскерлерин калтырып, бул эки чөлкөмдүн көз карандысыздыгын тааныды.

Эл аралык Мунапыс уюмунун баамында, ал уруштун айынан үй-жайсыз калган 30 миңдей киши дале качкынга айланып башкалка издеп жүргөн кез. Ушул сааттарда да Грузия менен Түштүк Осетия бири-бирин бузуку аскердик аракеттер баштоодо деп айыптап жатышат. Михаил Саакашвили кечирээк улуттук телеканалдан элге кайрылаары күтүлүүдө.

Дмитрий Медведев согуштун бир жылдыгына арналган телемаегинде: ал урушка аралашуу – барып турган татаал чечим болгон, бирок акыры чындык биз тарапта болду, - деп белгиледи. Түштүк Осетиянын жикчил президенти Эдуард Кокойты учурдан пайдаланып, чөлкөмдүн көз карандысыздык үчүн күрөшүнө басым жасады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орус-грузин жаңжалынын хронологиясы