Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

НАТО-ГРУЗИЯ: ӨЙДӨ ТАРТСА ӨГҮЗ ӨЛӨТ...


Эдил Сапарбек уулу, Прага Бүгүн (дүйшөмбүдө) НАТОнун расмий өкүлдөрү НАТО-Грузия комиссиясынын отурумуна жана Түндүк Атлантика Кеңешинин Грузиядагы алгачкы тарыхый жыйынына катышуу үчүн Тбилисиге келишти. НАТОнун Башкы катчысы Яап де Хооп Схеффер жетектеген жана бул аскерий кошуунга мүчө өлкөлөрдүн элчилери кирген ири делегациянын иш-сапары Грузиянын бийлигинин өлкөнү НАТОго тез арада мүчөлүккө кабыл алуу талабы байма-бай айтылып жаткан чакта болууда. Грузияны колдоону көздөп, бирок ошол эле маалда Орусия менен алакаларды таптакыр үзгүсү келбей эки анжы болуп турган НАТО кандайдыр-бир чечим чыгарууну маалкатууда. Ал эми НАТОнун баш кеңсесинин соңку ишарасына караганда, Грузия менен Украинанын НАТОго жакын арада кабыл алына койбостугун бөркүңүздөй эле көрсөңүз болот.

Тбилисиде 15-сентябрь күнү өтүп жаткан НАТО-Грузия комиссиясынын отурумунун ачылышында Грузин президенти Михаил Саакашвили өз өлкөсүн НАТОго тез арада мүчөлүккө кабыл алуу өтүнүчүн билдирди.

НАТОнун Грузияга учурдагы бир туруп жактап, бир туруп боюн алыстаткан мамилеси нечендеген кишилерди таң калтырбай койбойт.

НАТОго мүчө айрым мамлекеттер Грузияны тез арада бул аскердик ынтымаккка кабыл алуу аракетин колдоп жатышса, калгандары бул жөнүндө уккулары да жок. Маселен, расмий Вашингтон Грузия менен Украинаны НАТОнун мүчөсү катары чукул арада таанууга дилгир. Ал эми бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү апрелдеги саммит маалында быйылкы декабрга кечеңдетүүнү сунуштаган Франция менен Германия азырынча үн ката элек. Бирок алар кырдаал мурдакыга салыштырмалуу өтө татаалдашып кеткенин бейрасмий түрдө айтышууда.

Түндүк Атлантикалык Кеңештин отурумунун дүйшөбүдө Тбилисиде өтүшү Саакашвили үчүн абдан ийгиликтүү жагдай болду.

Айтмакчы, бул отурум августтагы беш күндүк грузин-орус жаңжалына чейин алда канча мурда эле белгиленген.

Мындай жыйын постсоветтик аймакта биринчи эле ирээт өткөрүлүп жаткан жок. Түндүк Атлантикалык Кеңештин отуруму 2000-жылы Киевде да өткөн. Деген менен Тбилисиде өтүп жаткан соңку жолугушуу Москва үчүн катуу сокку болду, себеби Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин аскердик ынтымактын өкүлдөрүн Тбилисиге барбоого үндөгөн болчу:

- Биз НАТОну Грузияга жогорку денгээлдеги сапардан баш тартууга чакырабыз. Себеби Грузиялык саясий жетекчилик мындай иш-чараларды Саакашвилинин жеке керт башы үчүн жасалган саясий жана моралдык колдоо катары кабыл алышы мүмкүн.

НАТОнун расмий өкүлдөрү, бир чети, декабрь айына чейин Грузия менен Украинаны НАТОго тез арада мүчөлүккө кабыл алуу чечимин кабыл албайт, бирок экинчи чети, болочокку мындай чечимге Орусия сыяктуу сырткы күчтөрдүн таасири тийбейт деп ишенет.

Анткен менен этият болуу керек деген тымызын чакырыктар да НАТОнун ичинде аз эмес. Мисалы, расмий Берлин Грузия менен Украина НАТОго кириш үчүн оболу белгилүү бир критерийлик талаптарга жооп бериши керек деп билдирүүдө.

Бирок НАТОго мүчөлүккө алуу үчүн камылга көрүүгө чакырыктын атайын так кесе айтылган жоболору болбогондуктан, кабыл алуу критерийлеринен болуп НАТОго мүчөлүккө умтулган өлкөнүн ичиндеги жигердүү саясий жана экономикалык реформалары, ички улуттар аралык жана тышкы аймактык талаш-тартыштарды алдын-ала жайгаруу, ошондой эле НАТОнун коопсуздугун камсыз кылууга салым кошуу сыяктуу милдеттер кирет.

Баарынан кызыгы, НАТОго мүчөлүккө чакырылган өлкө бул жаатта алгылыктуу реформалар жүргүзүүсү жана критерийге толук дал келүүсү үчүн НАТО өзү да бул өлкөгө жардам берүүгө тийиш.

Бирок эми расмий Тбилисинин азыркы жагдайы августка чейинки кырдаалдагыга караганда ого бетер начарлап кеткени да анык.

Демек, түйүндүү суроону чечүү үчүн эми НАТО саясий кадамдарга да баруусу ажеп эмес. Бул болсо, өз кезегинде, НАТО тигил же бул чечимди өзүнүн ырааттуу жобосуна ылайык эмес, кырдаалга ылайык кабыл ала берет экен деген ойго жетелеши да ыктымал.

Грузия менен Украинанын НАТОго кирүү тагдыры бирибирине байланган деген пикирге Түндүк Атлантикалык аскердик ынтымактын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү кошулат. Себеби Украинага гана макулдук берилсе, анда Тбилиси “талаада кароосуз калгандай” болоор эле.

Айтор, Грузия маселесинде жарга кептелген НАТО өйдө тартса, өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат деген акыбалда турат.

XS
SM
MD
LG