HRW: Түштүктө соттолуучуларды кысмактоо күч алды

Июндагы тополоңдо Кара-Суу РИИБинин башчысы Адылбек Султановдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө шектелгендердин соту, 29-сентябрь, 2010

Эл аралык Human Rights Watch уюму июнь окуясы боюнча соттолуп жаткандарга басым-кысым күч алганы тууралуу билдирүү таратты.

Ал арада укук коргоочулар кеңеши да Кыргызстандын түштүгүндө укук коргоочуларга кысым жасоолор, коркутуп-үркүтүүлөр уланып жатканын билдиришүүдө.

Ызы-чуу коштогон сот жараяндары

Human Rights Watch эл аралык уюмунун билдирүүсүнө караганда, соңку бир аптанын ичинде эле сот жараяны маалында айыпталуучуларга үч кол салуу факты катталган. “Мындай көрүнүш адилеттүү соттук иштин жүрүшүнө кедергисин тийгизип жатат. Кыргыз бийлиги бул жаатта тезинен чара көрүшү зарыл”, - деп айтылат билдирүүдө. Аталган уюм июнь окуясында каза болгондордун туугандары соттолуп жаткандарды жана алардын жакындары менен адвокаттарын да коркутуп жатканын жазат. Ошондой эле айрым учурларда ишти караган соттор да ушундай кырдаалга туш болуп жатканы айтылган.

Мисал катары Human Rights Watch өкүлдөрү 13-октябрь күнү уюмдун кызматкерлери күбө болгон окуяны келтирет. Ага ылайык, Ош шаарында сот иши башталар алдында бир топ адам соттолуучуларды жана анын үч жакындарын ур-токмокко алган. Натыйжада төртөө тең медициналык жардамга муктаж болгон.

Укук коргоочу Бактыкан Жапарова бул билдирүү жөн жеринен чыкпаганын, чын эле ушундай учурлар кездешип жатканын “Азаттыкка” белгиледи. Анын айтымында, коркутуп-үркүтүүлөр ар кайсы жерде чынжыр сымал кездешип, кимдир бирөөлөр даярдап койгондой түр көрсөтөт. “Бардык кылмыш иши мыйзам чегинде каралып, чечилиши керек. Мунун айынан дагы бир башаламандыктын жаралышына жол бербөө зарыл”, - дейт укук коргоочу Б.Жапарова.

Ал эми Ош шаарынын тургуну, укук коргоочу Изатулло Рахматуллаев июнь окуясы боюнча сот жараяндарынын дээрлиги тынч өткөн жери жок деп белгиледи:

- Сот процесстерде жабыркаган жак топ-топ болуп келип алып, сот бийлигине да өздөрүнүн өкүмүн өткөзөм деп тополоң кылып жүрүшөт. Тынч өткөнү аз, дээрлик жок. Укук коргоочуларга, адвокаттарга жана башкасына да ушундай болуп атат. Мыйзамды бузган улуту кыргыз болобу, өзбек болобу, орус болобу бардыгын милиция кызматкерелир караш керек да. Бирок карабай жатпайбы азыр.

Кырдаал тынчышын каалабаган күчтөр барбы?

Акыйткатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова да ар кандай кыйноолор болуп атат деген арыздар түшкөн менен жерине барганда алар далилденбегенин айтат. Анын пикиринде, айрым ушундай маалыматты таратып жаткандар өлкөдөгү тынч жашоону каалабаган, чагымчыл күчтөрдүн сөзүнө ишенип, же ошондой сөздөрдү чыгарууга кызыктар деген оюн билдирди. А.Аманова айрым эл аралык уюмдар тынчып бараткан жагдайды түрдүү билдирүүлөр менен кайрадан козгоодо деп эсептейт.

Ноокендеги сотто жабырлануучу Раиса Бейшеева июнь коогасында күйөөсү мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн ыйлап айтып жатат, 30-сентябрь, 2010.


- Бизде андай фактылар жок. Жалал-Абадда ошол июндагы коогалаң күндөрү тирүүлөй өрттөнүп кеткен, унаанын баллонуна байлап тирүүлөй өрттөп жиберген фактылар бар. Ошого туугандары "өлтүрсөң да, денесин жөн койбойсуңбу" деп, урганга аракет кылып, сотто кыжыры кайнап, ыйлап талап койгон учурлар бар. Бирок аларга укук коргоо органдары катуу көзөмөмөл кылып турат. Эки тарапка тең эч кандай зордук-зомбулукка жол бербейт. Эл бири-бири менен келишип, ынтымакта жашап баштаганын көрө албаган күчтөр бар. Мен ошондойлор Кыргызстандын жарандарынын арасында бар деп шектенем.

Ал арада укук коргоочулар кеңеши шайлоодо жеңген партияларга кайрылып, Кыргызстандын түштүгүндө укук коргоочуларга кысым жасоолор, коркутуп-үркүтүүлөр уланып атканын билдиришти. Кайрылууда айтылгандай, 12-октябрда белгисиз бирөөлөр “Акыйкат” укук коргоо борборунун Жалал-Абад шаарындагы кеңсесине келишип, укук коргоочулар менен адвокаттарды коркутушкан. Алар өздөрүн жеңген партиялардын биринин өкүлдөрү экенин айтып, Кыргызстандын түштүгүндөгү сот процесстерине кийлигишпөөлөрүн талап кылышкан. Буга байланыштуу Укук коргоочулар кеңеши бийликке келмекчи болуп турган бардык партияларга кайрылып, аларга өз тарапкерлерин мыйзамдарды жана тартипти сактоого үндөөгө чакырышты.

Бир улуттун өкүлдөрүн камап, кысым жасоо иштерине катуу көзөмөл болорун, чыныгы күнөөлүүлөрдү табууга аракет жасаларын Башкы прокурор Кубатбек Байболов да “Азаттыкка” билдирген.

- Бул жагынан да айрым мүчүлүштүктөр бар, жок деп айтуу туура эмес болот. Бирок биз мындан ары көзөмөл жана тергөө иштеринде аларды эске алуу менен ишти улантабыз.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев жогоруда айтылган окуялар боюнча милиция кызматына азырынча эч кандай арыз-даттануулар түшө электигин билдирди.