Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Ө.Эгембердиев: HRW билдирүүсү негизсиз


Июнь окуялары боюнча Жалал-Абаддагы соттон бир көрүнүш, 2-сентябрь.
Июнь окуялары боюнча Жалал-Абаддагы соттон бир көрүнүш, 2-сентябрь.

Кыргыз бийлигинин өкүлү HRW эл аралык уюмунун июнь окуясы боюнча соттолуучуларга куугунтук күч алды деген билдирүүсүн негизсиз деп эсептейт.

HRW эл аралык уюмунун билдирүүсүндө коюлган сын-дооматтары жөнүндө суроолорго Президенттик администрациянын Коргонуу, коопсуздук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Эгембердиев жооп берди.

"Азаттык":
Human Rights Watch Эл аралык уюму Кыргызстандагы орун алган июнь окуялары боюнча соттолуп жаткандарга куугунтук күч алганын айтып чыкты. Минтип эсептөөгө канчалык деңгээлде негиз бар?

Ө. Эгембердиев: Мен ойлойм эми, негиз жок деп айтсак болот. Биз азыр мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз. Эми бүт баары тең беш колдой болуп, бүт баары тең тегиз деп айткандан алыспыз. Анча-мынча арыздануу болот экен. Эки тараптын ич күйдүлөрү болот экен. Бирок конкреттүү түрдө “бирөөнү бирөө коркутуп же сабап кетти” дегендерге биз кошула албайбыз.

"Азаттык": Эл аралык уюмунун билдирүүсүндө соңку бир аптанын ичинде эле сот жараяны маалында соттолуучуларга үч кол салуу факты катталганы айтылат. Мындай фактылар туурасында сиздерге маалымат түштүбү?

Ө. Эгембердиев: Мындай фактылар жок. Бул туура эмес факт. Эч кандай факт жок. Бул баарын тең көзөмөлдөгөнгө аракет кылып, биз, толук көзөмөлгө бүт баарын алып турабыз.

"Азаттык": Буга чейин дагы айрым укук коргоочулар июнь айындагы түштүктө болгон окуяларга байланыштуу соттук иштерде соттолуучуларга жана сотторго жабырлануучулар тарабынан басым жасалып жатканын билдиришкен. Деги эле соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө соттолуучулардын жана соттордун коопсуздугун сактоо үчүн кандай чара көрүлгөн? Укук коргоо кызматкерлери жетиштүүбү?

Ө. Эгембердиев: Укук коргоо кызматкерлери жетиштүү. Бүгүн абал көзөмөлдөнүп турат. Соттор өздөрүн эркин сезишип, өздөрүнүн укуктарын толугу менен колдоп берип жатабыз. Ошондой эле укук коргоо органдары, милиция тарап болсо коомдук тартипти сактоого бүт күчтөрүн жумшап, ал жерде дагы эч кандай чыр-чатак болгон жери жок.

"Азаттык": Буга чейинки соттордо жабырлануучулар соттун жүрүшүн үзгүлтүккө учураткан учурлар болбоду беле. Бул өңдүү көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн эмне иштер жасалууда?

Ө. Эгембердиев: Эми ушуну коомдук телеканалдан деле көрсөтпөдүбү. Ошол жерде отуруп жабырлануучулар кыйкырып жатышат. Эми укук коргоо органдары ошолордун баарын “кыйкырбагыла” деп, же болбосо ошолордун барып колунан тартып, отургузуп койгонун да туура эмес деп ойлойбуз. Бирок жабырлануучулар бир аз тартип бузуп жиберип жатышат. Ошол эле учурда бири-бирине кол салып дегендей, ушундай бир фактылар бизде болгон жок. Биз муну болтурбайбыз.

"Азаттык": Рахмат, маегиңиз үчүн!

XS
SM
MD
LG