Кыргызстандык “Боингдерге" учууга уруксат жок

Жарандык авиация департаменти Кыргызстанга тиешелүү авиа компаниялардын “Боинг 737-200” учактарына учууга тыюу салды.
Кыргызстанга тиешелүү авиа компаниялардын “Боинг 737-200” үлгүсүндөгү учактарын абага учууга тыюу салган буйрук чыгарганын Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Александр Настаев “Азаттыкка” билдирди.

-Өлкөдөгү “Боинг 737-200” үлгүсүндөгү учактарды пайдаланууну токтотууга алардын техникалык абалдарынын начардыгы себеп болду. Себеби үч айда үч ирет кырсык болуусу кооптуу жагдай түзүлдү. Дубайда, Уральскде жана Исламабадда учак кырсыкка кабылып кала жаздады. Мындай учактарды Кыргызстандагы үч-төрт авиакомпания колдонуп жүргөн. «Боинг-737-200» үлгүсүндөгү учактарды Евробиримдик өз курамына кирген өлкөлөрдүн аймагында учууга эбак эле тыюу салынган. Коопсуздук боюнча Чикаго конвенциясына, Евростандартка дал келбейт деген негиз менен мындай тыюу салууга Кыргызстандын жыйырмадан ашуун компаниясы да тушуккан. Бул кара тизмеден чыгуу иш-аракетин келээрки жылдын январына чейин көрүп жатабыз.

Маалыматтарга караганда, 9-октябардан 10-октябрга караган түнү Пакистандын Исламабад шаарында ЕХ-25004 борт номурлуу Кыргызстандын «Исток-Авиа» компаниясына таандык учак абага көтөрүлүп, бир кыймылдаткычы иштебей кайра жерге келип конууга мажбур болгон. Мындай окуя Дубайда дагы болгондугун адистер айтышууда.

Буга аталган үлгүдөгү учактардын учуу мезгилинде көптөгөн кооптуу жагдайлар түзүлүп жатканы себеп болгон. Жарандык авиация департаментинин мындай чечимине карата “Итек-Эйр” авиокомпаниясы нааразылыгын билдирүүдө. Ушул авиакомпаниянын вице-президенти Александр Юнниковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда алардын учактары оң абалда.

-Ошондуктан жарандык авиация департаменти жогорудагы “Боинг-737-200” үлгүсүндөгү учактардын учуусуна тыюу салган буйругун 637-буйругу менен кайра токтотту. Себеби, биздин учактар оң абалда, текшерүүдөн өткөн. Мындай учактарды кайра учурууга уруксаатты да жарандык авиация департменти чечет. Биздин учактар Москва, Новосибирск, Красноярск жана Үрүмчү шаарларына каттайт.

Эсиңирдерге сала кетсек, былтыркы Бишкектин чечиндеги, “Манас” аэропортунун жанындагы кырсыкка да “Итек-Эйрдин” ушундай үлгүдөгү учагы кабылган.

Өткөн жылы Кыргызстандын тарыхында оор кырсык катталды. Жергиликтүү “Итек эйр” авиакомпаниясына тиешелүү Боинг-737 үлгүсүндөгү аба учагы “Манас” аба майданына жакын жерге кулап, анда 65 адам мерт болгон, 25 адам жабыр тартып жамы журттун үрөйүн учурган.

Адистердин баамында Кыргызстан эгемен өлкө болгону жарандык авиация тармагынын абалы начарлай баштаган.
Бийлик өкүлдөрү болсо «кыргыз авиациясында көйгөйлөр болгону менен, соңку жылдарда жакшы жылыштар бар» деген пикирлерин айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Эсен Эйр” компаниясынын мурдагы ээси Бегалы Наргозуевдун пикиринде Кыргызстандын жарандык авиация департаментинин шалаакылыгынан “Итек-Эйр” жана “Исток-Авиа” компанияларынын учактары текшерилбей учурулуп, кооптуу жагдайлар түзүлгөн.:

-Биздеги болгон учактардын абалын текшерип туруу жарандык авиацияга жүктөлгөн. Дагы бир нерсени айтып коюш керек, Кыргызстан Еврокомиссиянын тизмесине илинген. Менимче бул кыргыз жарандык авиация департаментинин шалаакылыгынан болду. Бул маселе бүгүн эле чыга калган жок. Аны биз жарым жылдан бери айтып келатабыз. Акыркы жылда бул маселе Парламентте бир нече жолу көтөрүлдү. Европа комиссиясы коопсуздукту жолуна кое албагандыгы үчүн биздин департаментти, андан каттоодон өткөн бүт авиакомпанияларды кара тизмеге киргизген болчу. Ал эми "Итек эйр", Исток-Авиа” компаниялары өз учагын тейлөөчү техникалык базасын дурустап түптөп албагандыгын дагы белгилеп кетким келет.

Кыргызстанда каттоодо турган авикомпаниялардын онго жакынында гана менчик учактары бар. Алардын ичинде ар жылы кырсыктаган “Итэк Эйрдин” учагы менчикпи-менчик эмеспи, дегеле бул компаниянын артында кимдер турат деген маселе көтөрүлүп, бирок ага жооп табыла элек.

Учурда өлкөдө бир нече авиакомпаниялар иш жүргүзүп келет. Атай келсек, "Кыргызстан аба жолдору", "Эсен эйр", "Итек эйр", "Авиа трафик компани", “Макс Азия” , Исток-Авиа”дегендер. Былтыр кырсыкка учураган "Боинг -737" учагы "Итек эйр" авиакомпаниясына таандык.

Кыргызстандагы авиакомпаниялардын иштеринин начардыгы, аба учактарынын техникалык сапатынын талапка жооп бербей тургандыгы туурасында буга чейин Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылып келгени менен тиешелүү жыйынтык деле чыга элек .