Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

66 адам ажал тапкан авиакырсык


Бишкекте бир жыл мурун “Боинг 737” учагы кулап түшүп, 66 адам күйүп кеткен трагедиялуу кырсык боюнча соттук териштирүү башталды.

Бишкектин Биринчи май сотунда судя Турдалиевдин жетекчилигиндеги алгачкы сот отурумунда Бишкек-Тегеран каттамын аткарган “Итек Эйр” компаниясынын Гончарев Юрий Анатольевич баштаган учкучтары 66 адамдын өмүрү кыйылган кырсык үчүн күнөөлүү деген айыптоо угузулду.

Авиакырсыктын келип чыгуу себептери толук иликтенип бүткөнүн, иликтөө-тергөө иштери Кыргызстандын эле эмес Москвадан келген эл аралык эксперттери тарабынан жүргүзүлгөнүн Башкы прокуратуранын өзгөчө кылмыш иштер боюнча бөлүм башчысы Учкун Каримов белгилейт:

-Бул авиакырсыкты иликтөө Башкы прокуратуранын тергөө башчысы Жылдыз Исамилова тарабынан жүргүзүлдү. Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн Москвадагы Эл аралык авиациялык комитеттин аныктамасына карата, күнөөлүү деп “Итек Эйр” компаниясынын учкучтары эсептелди. Биз сурадык техникалык кырсыктанбы же учкучтардын учакты башкаруудагы каталыгынанбы деп. Учкучтардын айыбынан кырсык болгон деген жыйынтыгын беришти. Ушундай жыйынтык менен авиакырсыкты иликтеген тергөө иштерин Башкы прокуратура сотко өткөзүп берди.

Авиакырсыкта жабыркагандар өз кезегинде күнөөнү учкучтардан эмес, эскилиги жеткен учактын техникалык кем-карчынан, ашыкча жүк жүктөөдөн жана учакка жарылуучу заттардын да жүктөлгөнүнөн көрүп жатышат.

ГулнурСырдыбаева
Шайымбүбү Акматова ошол кырсыкта студент кызы Гүлнур Сырдыбаевадан ажыраган. Кызынын сөөгү деп бир мүшөк сөөктөрдү карматканда аны алуудан баш тартып, чолпондой кызынын жалп өчкөнүнө ишенбей келатат:

-Биз, кызыбызды тирүү деген үмүтүбүз бар. Анткени анын дене-боюн тастыктаган, кызыбыздын сөөгү экенин аныктаган медициналык жыйынтык али күнгө чейин колубузга тие элек. Бир мүшөктү карматышты ушул силердин кызыңардын сөөгү деп. Жалаң чогултулган сөөк экен. Буту же колу, окшобогон дене мүчолөрдү биз кантип кызыбыздын сөөгү экен дейбиз. Ушунчалык да кайдыгерлик болобу. Ушундай эскилиги жеткен самолетту учуруп аткан кишини неге таап,эл алдында жазалабайт. Кайда бийлик деген. Качанга байлар адамдардын тагдырын калчап ойношот. Эмнеге пассажирлердин коопсуздугу эч ким тарабынан көзөмөлгө алынбайт. Коррупция деген бейбечаралардын шору турбайбы. Бир жылдан бери арызданбаган жерим калбады. Кайгыдан айнып калган кишидей карап отурушат. Канча жолу президентке киргени аракеттендим. Бизге окшогонду кабыл албаганда президент кимди кабыл алат? Биздей зарлап калгандардын үнүн ким угат?

Жабырлануучулар соттун жүрүшүнө көңүлдөрү тойбой, нааразы болуп жатышат. "Адам укуктары коррупцияланган мамлекетте корголбой турганына көзүбүз жетти",- дейт экинчи бир жабырлануучу Бактыгүл Бегалиева :

Нурзат Сатимбаева 2008-жылы 24-августта авиакырсыкта көз жумган
-Менин бир тууганым Нурзат Сакимбаева БГУда жакшы окуп, Гүлнур Сырдыбаева экөө эл аралык жолдомо менен Иранга баратышкан болчу. Мындай түрү суук кырсыкты эч бир адамга каалабас элем. Азыр эле узаткан адамыбызды тыптыйпыл кылып алабыз деп кайдан ойлодук. Атаганат десе, сөз табалбайм. Кайерлерге арызданбайлы жооп алган жокпуз. Мен ушуга абдан капамын.

Жабырлануучунун пикиринде, сот жараяны авиа кырсыктан жакындарын жоготуп, кан жуткандардын күйүт-арманын баса албайт.

Бир жыл мурда 24-август күнү кечки саат 8 ден 45 мүнөт өткөндө “Манас” аба майданынан 9 километр аралыктагы Жаңы-Жер айылына Бишкек-Тегеран каттамындагы самолет кулап түшүп өрттөнүп кеткен. “Итек-Эйр” компаниясынын ээлигиндеги бул учакта баардыгы 90 жүргүнчү болгон. Күйүп жаткан учактан чыгып кетүүгө үлгүргөн 24 жүргүнчү аман калып, калганы чыга албай, күйүп кеткен.

Каза тапкандардын басымдуу бөлүгү кыргызстандык жаш спортсмен-студенттер жана ирандык жарандар. Тактап айтканда, Кыргызстандан 17, Ирандан 41, Турциядан 1, Канададан 1, Казакстандан 3, Кытайдан 1, бардыгы 65 адам кырсык болгон жерден каза тапкан.


2008-жылы 24-августта авиакырсыктан көз жумган Алмаз Султаналиев жубайы Кымбат менен.










Авиакырсыкта кайтыш болгон Назар Кубатов

XS
SM
MD
LG