Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Б. Наргозуев: Кыргыз авиакомпаниялары “кара тизмеден” жакын арада чыкпайт


Иранда күйүп кеткен учактын калдыгы, 15-июль, 2009-жыл.
Иранда күйүп кеткен учактын калдыгы, 15-июль, 2009-жыл.

Тегеран-Ереван каттамындагы учак кырсыкка учурап, 170 чакты адам мерт болду. Аба жолундагы коопсуздук, Кыргызстандын авиация тармагындагы абал боюнча ЖК депутаты Бегалы Наргозуевди “Азаттыктын” түз обосунда сөзгө тарттык.

- Бегалы мырза, кабарыңыз болсо керек, Тегеран-Ереван сапарында “Каспий аба жолуна” таандык учак кыйрап 170ке жакын киши мерт болду. Мындай кырсыктардын баардыгы техникалык себептерге байланыштырып келатат, сиздин оюңузча, ошондой кырсыктарга жол бербөөнүн кандай аргасы бар?

- Ушул Ирандан учуп чыккан самолёт көтөрүлөөрү менен жарылып кетиптир, эми аны түзүлгөн комиссия чечип, текшерип, изилдеп-иликтеп бир жыйынтыгын айткандан кийин билебиз го эмне болгонун. Көтөрүлүп баратып учканына караганда техникалык себептен болуш керек, тез эле от алып күйүп кетиптир. Анын үстүнө Россиядан чыгарылган Ту-154 учагы экен. Иран Орусия учактарын көптөгөн санда пайдаланышат. Өзүңүздөр билесиздер, атайын себептерден улам Иранга Америка, деги эле батыш авиа заводдору өз учактарын бере беришпейт. Ошондуктан Иран Россиянын мурун пайдаланылган учактарын алууга аргасыз. Менимче, бул кырсык техникалык себептерден болуш керек. Бирок Иранда мындай кырсыктарды иликтөөнүн жыйынтыгы бир айга жетип-жетпей эле чыгат, биздикиндей чоюлбайт. Ошон үчүн жакынкы аралыктарда атайын иликтөө комиссиясынын жыйынтыгынан соң анын себептери белгилүү болсо керек.

- Иран негизинен авиа кырсыктар көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирет экен, бирок Кыргызстан дагы бул кырсыктан кыйгап өткөн жок. Өзүңүз билесиз былтыр 24-августа Боинг учагы дал ушул Бишкек-Тегеран сапарында кулап түшүп, 70 ке жакын кишиден айрылып калбадыкпы. Ушундай жагдайларды көп учурда жанагы авиапарктардын эскириши менен бекемдеп атышат. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын авиапаркы бүгүн кандай абалда болуп атат?

- Биздин депутаттык топ Кыргызстандагы Америка авиабазасынын учактарын барып көрдүк. Алар мындан 53 жыл мурунку учактар экен, бирок сааттай чыкылдап турат. Кеп авиапарктын эскилиги же жаңылыгында эмес, коопсуздук маселелери кандай деңгээлде аткарылып, учактардын атайын эрежелери кандай сакталып жаткандыгына байланыштуу да. Мен айтпадымды, Иран өзүнүн авиапаркын жаңылоодо атайын себептерден улам батыш учактарын ала албайт.

Дегеле учактардын коопсуздук эрежелери айрыкча ушул Азия өлкөлөрүндө көп сакталбай десек да туура болбойт. Анткени көптөгөн Азия мамлекеттери коопсуздукка аябай жогорку деңгээлде карайт. Маселен, Малйзия, Сингапур, Жапания, Кытай. Биздин аймактагы бир топ мамлекеттер болсо ушул коопсуздук эрежелерин формалдуу түрдө жасашкандыктан ушундай абалга келип атат деп ойлойм. Алардын арасында биздин өлкө да бар.

Азыр Интернетке кирип, Кыргызстандын 17 авиакомпаниясы кайрадан Европа Комиссиясынын кара тизмесине илингенин окудум. Бул кара тизмеге киргенибиздин негизги себептеринин бири - коопсуздук эрежелерин жарандык авиация бонча Чикаго конвенциясын талаптарына ылайык аткара албагандыгыбыз болуп атат. Ошондуктан бул тизмеден жакын арада чыга албайбыз. Бул тизмедеги авиакомпаниялардын санын кыйкырып жүрүп, 34төн 17ге араң түшүрдүк. Алардын баары бизге чет элден келген авиакомпаниялар. Коопсуздук стандарттарын туура аткара албагандыгы үчүн Россиядан, Араб өлкөлөрүнөн каттоодон өтө албагандар, кудайдан жөө качкан авиакомпаниялар бизге келип туруп алышкан. Ошолордун баары кетмейинче биз кара тизмеден чыга албайбыз.

- Бегалы мырза, жакында чыга албайбыз деп атасыз, ага канча убакыт талап кылынышы мүмкүн сиздин оюңузча?

-Унаа министрлиги, Жарандык авиация департаменти алты айдан кийин чыгабыз дей берет. Чыга албайбыз, Еврокомиссиянын ачык айтпай атканынын негизги себеби эле бизде чет өлкөдөгү жанагындай авиакомпаниялардын келип туруп алганында болуп атат. Ошон үчүн кара тизмеге кирүү учурунда атайын айтышкан Кыргызстанда катталган компаниялардын көбү өзүнүн кеңсеси жок экен деп, ачык эле жазып койгон. Кыргызстанда өзү чын-чынына келгенде 3-4 эле авиакомпания бар, ошолор эле калмайынча бизди бул тизмеде ар кандай шылтоо менен кармап тура берет.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG