Билим алгың келсе, кредит ал

ЮСАИД менен Кыргызстандагы банктар ортосундагы октябрь айында кол коюлган расмий кепилдик макулдашууга ылайык, өлкө студенттерине кредиттик жол менен билим алуусуна шарт түзүлдү.

Мындай система чет мамлекеттерде калыпка салынып, алтургай Кыргызстандын да айрым студенттерин өзүнө тартууга жетишкен. Кылыч азырАмерикадагы университеттердин биринде кредиттик негизде билим алып жаткан кези.

-Америкада окуу үчүн бериле турган кредиттердин формалары ар кандай. Мен НьЮ-Джерсиде окуйм. Мен алган кредит 4 жылдык. Азыр мен ай сайын кредиттин кичине көлөмдөгү проценттерин төлөп турам. Калганын окууну бүткөндөн кийин, буйурса төрт жылдан кийин жабам го.

Бул түшүнүк Кыргызстанга азырынча жат сезилгени менен, келечекте кадыр эсе көрүнүшкө айланышы мүмкүн. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана К. Гфэллер болсо билим берүү системасына мындай моделдин киргизилиши - студенттерге билим алуу булагын туура тандоого шарт түзөрүн белгилейт:

-Кыргызстанда студенттердин саны көп, алардын басымдуу бөлүгү окуусу үчүн жеке каражаттарынан төлөшөт. Анткен менен жогорку билимдүүлөрдүн 10 пайызы гана жумуш менен камсыз боло алат. Кыргыз өкмөтү, бизнес сектор учурда орто кесиптик билими бар чыныгы адистер жетишпейт деп келет. Эгер кредиттик системасын киргизсек, орто кесиптик билим берүү мекемелеринин да деңгээли көтөрүлмөк. Деги эле бүтүрүүчүлөр окууга тапшыраардан мурун, өзүнүн тандаган жолунун келечеги туурасында ойлоно башташмак.

Студенттик кредиттик программа негизинен республиканын алыскы аймактарында билимин улантууга шарты чектелген жаштарга багытталат.Азырынча мындай саамалыкты Кыргызстандын эки финансылык мекемеси ЮСАИД менен түзүлгөн кепилдик макулдашуусунун алкагында баштаганы турат.

-Бул кредит аз камсыз үй-бүлөлөргө абдан ынгайлуу. Анткени алардын балдарынын окуусун толук бир убакта төлөөгө шарты жок. Ал эми кредитти акырындап төлөп кутулушат да. Ошондой эле биз кредитти сапаттуу билимди сунуштаган окуу жайларга пайдаланууну көздөйбүз. Анткени кредит берилип жаткандан кийин, окуу жайлар өз студенттерине учур талабына шайкеш келген сапаттуу билим берип, талап кылынган адистерди даярдашы керек. Бул багытта биз кесиптик окуу жайлары, лицейлер менен тыгыз байланышта болобуз, -дейт "Компаньон" микрокредиттик компаниясынын адиси Улан Дүйшөбаев.

Эл аралык билим берүү боюнча адис Аскарбек Мамбеталиев да бул жерде кредит берүүчү тараптар билимдин мазмунуна көңүл буруусу керек деп эсептейт.

-Билим берүү министрлигине алар шарт коюшу керек. Мисалы ,“биздин кишилерге жакшы билим берсең, биз кредит беребиз" дегендей. Билим да бул товар. Аны сатып алуу керек. Бекер билимдин жыйынтыгын көрүп жатабыз 80 жылдан бери. Жалаң коррупционерлерди чыгарып жатабыз. Канчалык илимий даражасы чоң болсо, ошончолук коррупциянерлер чыгып жатат.

Кредиттик негизде окуусун бүткөн студенттердин Кыргызстанда кайра каражатын кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүгү болобу деген суроо туулат. Педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рыспаевдин пикиринде, чыныгы адис адамга жумуш көп. Эң негизгиси жаштарда кредит менен окуп алып, башка жакка кетем деген ой болбошу керек.


-Айылдагы алтын запастарыбызга, мыкты балдарга мамлекет шарт түзүп бере албай жатат. Ал эми мындай шарт түзүлүп, жолун тапкан жаштар Кыргызстандын өзүнө пайда келтириши керек. Жеке кызыкчылыкты ташташ керек.Элге кызмат кылам деп ишенип окуу керек. Адам иштейм десе жумуш бар эле. Милдет мына ушунда.


Ошентип кредит берүүчү тараптар кредит берүүнүн жолдорун иштеп жатышат. Азырынча кредит жети жылга эсептеле тургандыгы маалым. Программанын дагы бир тарабы - бул билим берүү мекемелери, бизнес сектор жана даярдалуучу адистин ортосундагы кызматташтыкты түзүү. Окууну бүткөн жаштарды жумушсуз калтырбоо максатында ЮСАИД учурда ушундай кызматташтыктын негизинде жаштарды карыздарынан кутултуу максатын көздөгөн долбоорду даярдап жатат.