Жарлык күтпөй эле партиялар шайлоо даярдыгына киришти

Ош шаарындагы референдум, 27-июнь 2010

Парламенттик шайлоонун 10-октябрда өтөрү айтылганы менен мыйзам негизинде мөөнөтү ырастала элек. Убактылуу өкмөттүн шайлоо өтөр күндү аныктоонун эмнеликтен маалкатып, кечиктирип жатканы да артынан толгон-токой божомол-жоромолдорду жаратууда.
Жашасын, жарнактар!

Шайлоо даярдыгына мыйзам негизинде жол ачылбаганы менен көчөдөгү көрнөк-жарнактарда илими-билимин Ата журтка арноо, өлкө, республика үчүн иштөө чакырыктары эмитен эле чыга баштады. Баса белгиленген аталыштардын артында кайсы саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы башбактап турганын түшүнчүлөр түшүнүп, укчулар угушууда. Атын чыгаруунун дагы бир амал-аргасы партиялардын кошулуу, биригүүсү болууда. Ушу тапта анын күнү тууп турган кези.

Өткөн аптанын соңунда Кыргызстан коммунисттери пленум чакырып, кылмыш иши илинген партия жетекчисин кызматтан алышып, башкатчылыкка мурдагы депутат Бүмайрам Мамасейитованы шайлашты. Партия жетекчиси Исхак Масалиев болсо азыркы бийлик анын шайлоого катышын каалабастыгын айтып, тергөөгө 14-майдан бери бир гана жолу сурак берип чыкканын маалымдады.

- Бирок ошого карабастан, мага үйдөн чыкпоого деп чара колдонгон. Үй камак деп санкция берилген. Мен шаардан чыга албайм. Кечки саат ондон таңкы алтыга чейин үйдөн чыга албайм. Ошондон биздин партиябызга толугу менен бүгүнкү шайлоонун алдында мүмкүнчүлүктөр болбой жатат. Ошого байланыштуу мен ушундай ойго келдим. Менин тагдырым партияны кем кылбаш керек. Эгер мага кылмыш иш козгошсо менин айыман партия токтобош керек, партия иш жүргүзүшү керек.


Кыргызстан коммунисттеринин башкалардан айырмалоочу жалгыз белги ушу тапта алардын башка партиялар менен биригүү ниети жоктугунда окшойт. Партиянын жаңы жетекчиси Бүмайрам Мамасейитова эч кимге кошулбай, өздөрүнчө парламенттик шайлоого барыша тургандыгын айтты.

- Бүгүнкү күнү башка партияларга кошулса ал партия жоюлушу керек дагы ал партияга мүчөлөрү кириши зарыл. Бир партияда туруп экинчи партиядан шайлоого барган туура эмес. Бизде андай болбойт.

Мөрөй, албетте, уткандыкы

И.Масалиевдин болжолунда, күзгү парламенттик шайлоодо ашып барса 7-8 партиянын мөрөйү гана үстөм болушу ыктымал. Анан да азыркы бийлик партияларынын ошол болжолдуу орундардын бирөөн ээлеп калышы деле күмөндүү. Бириккен элдик кыймылынын атынан жаңы партия каттатып койгон А.Бекназаров кошулууну көздөгөндөр арбып баратканын айтат.

- Бирок кайсы партиянын аты менен барабыз? Бул боюнча азыр азыр сөз гана жүрүп жатат. А биздин БЭКтин составында 7 саясий партия бардыгын билесиңер да. Ошондуктан формалдуу түрдө бир партиянын атын алабыз. Азырынча 18. Бара-бара жыйырмадан да ашышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө ар кайсы партиялардын лидерлери менен биз жолугуп жатабыз.

“Бүтүн Кыргызстан” менен “Эл арманы” партиясы кошулган жыйындан соң бүтүндөрдүн лидери А.Мадумаров мурунку бийлик тушунда чоң сынга кабылган Батыш демократиясын жактырбастыгын ачык эле айтууга өттү.

- Биз демократ болобуз деп Европа мамлекеттерин карап кетпейбиз. Биздин көз караш биринчи кезекте ошол Жамааттык коопсуздук келишими тарапта болот. Биринчи кезекте Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинде болот. Биринчи кезекте ЕврАзЭсте, биринчи кезекте Шаңкай кызматташтык уюмунда болот.

Антип улутчул, орусчул анан да батышчыл либерал дөөлөттөрдү алдыга жайып, партиялар ортосунда парламенттик шайлоо алдында программалык көз караш позиция, принциптерди тактап алуу аракети катуу жүрөрүн саясат таануучу Жыргалбек Касаболотов минтип белгилейт.

- Негизинен булар лидеринин тегерегинде же платформанын тегерегинде биригип жатышат.

Айрым серепчилердин баамында, Кыргызстандагы 150 чукул партиялардын көпчүлүгү каржылык кыйынчылыкты, калгандары өтүмдүү идеянын жоктугунан аксайт. Ошондон алардын программалык максат- милдеттери коендой окшош.