Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

“Республика” партиясы Шайлоо кодексине киргизилген айрым өзгөртүүлөргө каршы


Өмүрбек Бабанов, "Республика" партиясынын төрагасы.
Өмүрбек Бабанов, "Республика" партиясынын төрагасы.

Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоочу катталган жерине барбастан, жашап жаткан жериндеги шайлоо бекеттеринен добуш бере алат деген жобо шайлоодо мыйзам бузууларга жол ачат деп эсептейт.

- Сиздердин партия бул өзгөртүүгө эмне үчүн каршы болуп жатат?

- Демократиянын эрежеси боюнча бир шайлоочу - бир добуш деп эсептелет. Ошол принциптер бузулуп атат. Декрете жазылып атат, адам азыр жашап турган жеринде жергиликтүү бийликтен справка алып туруп каалаган добуш берүүчү жайдан добуш берсе болот деп. Бул кандай шартты түзүп берет? Биринчиси, бул бир жерден бир жолу добуш берип, андан тышкары экинчи жерден добуш берсе болот.
Экинчиси, Жергиликтүү бийлик сөзсүз ресурсттарды колдонот, субъективдүү өзүнүн чечимине карата кимге справканы берет, кимге бербейт. Үчүнчүсү, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы айтып атат, бул бизге да, ишке да шарт түзүп бералбайт, себеби жарандардын тизмесин катталган жеринен түзсөк, бул болсо биздин шайлоо күнү жасай турган ишибизди тартипке салат эле, ошого шарт түзүп берет деп.

- Сиздин көз карашыңызда эмне үчүн бийлик бул жагдайды эске албай жатат анда?

- Убактылуу өкмөт мурунку эле бийликтеги адамдардын жолун кайталап басып атат. Бирок мен ойлойм, биздин жакынкы эле тарыхыбыз көрсөтүп атпайбы, 2005-жылы болгон шайлоо. Ошол шайлоонун чечимдери бурмаланып, төңкөрүшкө алып келди. Бул жолу бул декрет жокко чыгарылбаса 10-октябрда боло турган шайлоодо мамлекетти жоготуп алышыбыз мүмкүн. Биз тез арада президент Роза Отунбаева жетекчилигинде чоң форматта, бардык партиялардын лидерлери катышкан жыйын өтүп, бул маселе талкуулансын, Шайлоо кодексиндеги өзгөртүүлөрдү жокко чыгарып туруп, же башкача шартта ачык-айкын, адилеттүү шайлоо өткөргөнгө мүмкүнчүлүк түзгөн өзгөртүүлөрдү киргизиш керек деген сунуш менен чыгып атабыз.

- Сунушуңуздар аткарылат деп ойлойсуздарбы. Анткени жакында эле саясий партиялар менен БШК мындай талкуу да өткөрүшпөдүбү, бир чечимге келишти да?

- Жок, БШКнын төрагасы бул жөнүндө билдирүү жасады, биз талкуулаган маселе, кабыл алган чечим башкача болчу, бирок башкача декрет чыкты деп. Биз бүгүн президентке кат жөнөттүк, ар бир партиялардын лидерлери менен азыр байланышууну баштадык. Биз муну сөзсүз талкууга алабыз. Себеби эң негизгиси - мамлекетти сактап калыш, бул ар бир партиянын кызыкчылыгы.

- Депутаттык орун үчүн 25 эмес, 21 жаштан жогорулар катыша ала турганы айтылды. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай, бул жаш курак өтө эрте эмеспи?

- Мен бул туура чечим деп ойлойм. Себеби бүгүнкү күнү жаштар тез саясий жарышка катышып, саясий жактан өстү. Бүгүн Кыргызстанда көпчүлүк саясат менен алек болуп атат, ошондуктан алар бүгүн саясатты жакшы түшүнүп, билип атат. Мен мындай чечимге макулмун.

- Сиздер БШКнын автоматташтырылган “Шайлоо” системасына атаандаш бир система түзүү тууралуу сунуш билдирдиңиздер эле, анын зарылчылыгы канчалык?

- Биз бардыгыбыз шайлоолордо күбө болдук, “Шайлоо” системасы аркылуу түшкөн маалыматтар борбордук телевидениеде ар бир эки саат сайын чыгып турат, канча жаран катышты деген маалыматтар. Анан кийин саат кечки сегизде ушунча шайлоочулар катышты деп маалыматы бүтөт. Ошону менен эки күнгө маалымат алуу жок болот. Ар бир жергиликтүү бийлик өз билгендей бурмалап туруп, жыйынтыгын чыгарып берет.

Биз ошого жол бербеш үчүн ушундай сунуш жасап атабыз. Биз мунун ордуна жаңы аянт түзүп, ага ар бир партиянын мүчөсү, журналисттер катышып, ар бир участоктон эки саат сайын маалымат алып, жарыялап туруу сунушун айтып жатабыз. Кечинде добушканалар жабылгандан кийин эки сааттын ичинде ар бир участокто добуштарды эсептеп, аныктап чыгат. Анан кийин ошол жерге телефон чалып туруп, маалымат алуу керек. ошол жерде партиялардын байкоочулары да айтат, бул партия мынча, тиги партия мынча добуш алды деп. Ошону менен кечки саат 12де биз республика боюнча алдын-ала маалыматтарды жарыялай берсек болот. Мунун эң негизги принциби эмнеде? Биз таза, акыйкат шайлоо кылсак, тез арада легитимдүү парламент менен, легитимдүү өкмөткө өтөбүз.

- Рахмат маегиңизге
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG