Фридом Хаус: Кыргызстанда 2005-жылкы ынкылаптын үмүтү акталбады

Фридом Хаустун логотиби.

Фридом Хаус уюмунун билдиришинче, 2009-жылы саясый эркиндиктин абалы экс-советтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда өзгөчө начарлап кеткен.
Кыргызстан мурда жарым жартылай эркин болсо, эми эркин эмес өлкөлөрдүн тобуна кошулду. Фридом Хаус(Freedom House) дүйнөнүн 40 өлкөсүндө өткөргөн изилдөөнүн натыйжасында ушундай тыянака келген.

...жарым жартылай эркин Кыргызстан эркин эмес өлкөлөрдүн тобуна кошулду.Х.Уолькер



Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Фридом Хаус 12-январда жарыялаган изилдөөдө Балтия өлкөлөрүнөн башка экс-советтик өлкөлөрдүн көбү “жүгөнсүз” авторитардык башкарууга бекем ыктап алганы белгиленет. Бул, докладдын
Фридом Хаус уюмунун директору Христофер Уолькер
авторлорунун бири, адам укугун коргоочу уюмдун мүдүрү Христофер Уолькердин айтышынча, соңку төрт жыл үчүн мүнөздүү көрүнүшкө айланган:

-Бул жылы биз акыркы жылдары байкаган көрүнүш тереңдеди. Балтия өлкөлөрүнөн башка экс-советтик республикалардын көпчүлүгүндө авторитардык башкаруу күчөдү. Бул жылы жарым жартылай эркин Кыргызстан эркин эмес өлкөлөрдүн тобуна өттү. Украина кээ бир оң жылыштар менен жакында болчу шайлоого баратат.

Ошентип, Кыргызстан 2009-жылы Россия, Өзбекстан, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан сыяктуу эркин эмес өлкөлөрдүн тобуна кошулду. Фридом Хаустун изилдөөсү көрсөткөндөй, береги өлкөлөрдө бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги жана чечимдерди кабыл алуудагы ачык-айкындык жок. Сот органдары да бийликтен көзкаранды. Өкмөт көзкарандысыз массмедиа жана саясый оппозиция менен эсептешпейт.
Мурдакы коргоо министри Исмаил Исаковду колдоочулардын жүрүшү. Алай району. 11-январь 2010


Уюмдун изилдөөлөр боюнча директору Арч Пуддингтондун айтышынча, Россиядагы саясый укуктарындын жана жарандык эркиндиктин начарлашы постсоветтик коңшуларга олуттуу таасир этүүдө. Бул кубулушту Пуддингтон “Путиндин эффекти” деп атайт:

–Путиндин маанилүү милдети коомду колдон келишинче бирдиктүү борборлоштурулган мамлекеттик контролдун астына өткөрүү болчу. Путиндин ишмердүүлүгү коңшу өлкөлөргө да таасир этип, Россияга коңшулаш бир катар өлкөлөрдө саясый жагдай осолдоду. Муну путиндик дипломатиянын бир бөлүгү деп баалайбыз.

Анткен менен мунайга бай Казакстан менен Азербайжан Москвадан өз алдынча саясат жүргүзүүгө аракеттенип жатканы байкалат. Бирок да, Пуддингтон баамдагандай, эки өлкө тең
Президент Путин Энесайда балык кармап жүрөт. 13-август 2007
региондогу көпчүлүк мамлекеттердей эле Россиянын саясый моделине окшош системаны түзүшкөн:

-Казакстан менен Азербайжан сыяктуу өлкөлөр Россиянын үстөмдүгүн каалашпайт жана өз күнкорсуздугун сактоо үчүн кам көрүүдө. Алар Россиянын кол баласы эмес. Бирок, Россияга аларга катуу таасир этет. Алардын саясый системасы Россиянын саясый системасына аябай окшош.

Фридом Хаустун эми жарыяланган изилдөөсү, башта айтылгандай, бир жылдары Борбор Азиядагы демократиянын үмүтү болгон Кыргызстан буга чейин топтогон демократиялык насил-нарктарынан баш тартып жатканын айгинелейт. Анын далили ирети: 2009-жылы 23-июлда өткөн президенттик шайлоо учурундагы мыйзамсыздыктар, президенттин бийлик укугунун кеңейүүсү, ишеним эркиндигин мыйзам аркылуу чектөө жана журналист Павлюктун өлүмү мисалга келтирилет. Натыйжада, 2005-жылкы ынкылаптан кийинки Кыргызстанга болгон үмүт акталбады, дейт Христофер Уолькер:

-Кыргызстан саясый укуктар жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча тескерри кетти. Аткаруу бийлигинин бир колго бириктирүү жана башкарууда ачык-айкындыкка байланыштуу башка проблемалар Кыргызстандын жарым жартылай эркин өлкөлөрдөн эркин эмес өлкөлөрдүн тобуна өтүүсүнө түрткү болду.

Уолькер баамдагандай, Кыргызстан артка таштаган кадам менен Борбор Азия жарандардын фундаменталдык укуктары сыйланбаган килейген Кытайдын колтугунда эркин эмес өлкөлөрдүн алкагына айланды.