Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Кыргызстанда эркиндиктин эсин оодарыштыбы?


2008-жылы Кыргызстанда эркиндиктин деңгээли төмөндөп кеткени тууралуу "Фридом Хаус" уюмунун отчетунда көрсөтүлүшү кашкайган чындык, деген пикирлерин өлкөдөгү жарандык уюмдардын өкүлдөрү билдиришүүдө.

"Фридом Хаус" уюмунун изилдөөлөр боюнча директору Кристофер Уолкер (Christopher Walker) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна аталган уюмдун «Дүйнөдөгү эркиндик» отчетунда Кыргызстанда эркиндиктин көрсөткүчү төмөндөгөнүн билдирген. Анын баамында Кыргызстанда бийлик тарабынан массалык маалымат каражаттарына, тынч жыйындарды өткөрүү эркиндигине мыйзамдык чектөөлөр киргизилип, жарандык коомго жана саясий оппозицияга тоскоолдуктар көргөзүлүүдө.

Кыргызстандагы эркиндиктин абалы тууралуу "Фридом Хаустун" отчетунда көрсөтүлгөндүн жүз пайызы кашкайган чындык, дейт «Интербилим» уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева.

-Бүгүн өлкөдө эркиндиктин абалы өтө төмөндөп кетти. Мисалы, жогорку кызматта иштегендер бийликтен түшсө камалып жатышат, же кылмыш иши козголуп соттолууда. Саясий партиялар болсо 2006-жылдын 16-декабрынан баштап өзүн саясий институт катары сезе албайт. Анткени бийликке сын айткан партиянын мүчөлөрүн бир-бирден кармап бийлик кысымын көрсөтүп жатат. Менин оюмча мунун баары Кыргызстандын аброюн дүйнө коомчулугунда төмөн түшүрүп койду. Ошондуктан "Фридом Хаус" уюмунун отчетунда көрсөткөндөр 100 пайыз, 100 пайыздан ашык туп-туура.

«Интербилимдин» жетекчиси белгилегендей, бийликтин кысымынан, менчиктерди тартып алуудан бир катар ишкерлер чет өлкөлөргө чыгып кетишсе, чындыкты таамай жазган журналисттер башка мамлекеттерден саясий баш паанек сурап, кор болуп жүрөт. Ал ошондой эле оппозициялык маанайдагы саясатчылардын бала-бакырасына, жакын туугандарына укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, ар кандай жолдор менен кысым күчөгөнүн кошумчалады.

Асия Сасыкбаеванын пикири менен жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитеттин төрага орун басары, «Ак жол» фракциясынан депутат Автандил Арабаев макул эмес. Анын айтымында, Кыргызстанда адам укуктары мыйзамдын чегинде корголуп, атуулдардын эркиндигине өзгөчө көңүл бурулууда. Ал айрым оппозициялык саясатчылардын үстүнөн кылмыш ишин козгоого жүйөөлүү себеп болушу мүмкүн, деп эсептейт.

-Мындай ойлорго мен кошула албайм. Себеби кимге карата кылмыш иши козголсо, алардын чындыгында кайсы деңгээлде, кандай мыйзам бузууларга барып же болбосо мыйзамдык тартипти бузгандыгына байланыштуу болот, деп эесптейм.

«Кылым шамы» укуктук борбордун жетекчиси, белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова акыркы эки жылдын аралыгында Кыргызстанда адам укуктарынын абалы төмөндөп, жарандардын эркин ой-пикир айтуусуна, сөз эркиндигине чектөөлөр салынганын, саясий куугунтуктоолор күч алганын билдирди. «Бийликтин мыйзамсыз мындай аракеттеринен өлкөдө нааразылык күчөп, туруктуулукка доо кетет»,-дейт укук коргоочу.

-Бүгүнкү күндө президент Курмабек Бакиев өлкөдө туруктуулук болушу керек деп айтып жатат. Убагында Гитлер дагы өлкөдө туруктуулук болсун, туруктуулук мен айткандай болсун деп айткан. Иосиф Сталин дагы Советтер Союузунда туруктуулук болушу керек, бирок туруктуулук мен айткандай болуш керек деген. Чаушески дагы туруктуулук болушу керек, бирок мен айткандай болсун деген. Президент К.Бакиев дагы Кыргызстанда туруктуулук мен айткандай болушу керек деп жатпайбы. Бул абдан коркунучтуу нерсе. Анткени үстүртөн өлкөдө туруктуулук бар дегени менен туруктуулук жок.

Азиза Абдырасулова ошондой эле учурда саясатчылардан тышкары жарандык уюмдарга, укук коргоочуларга дагы бийликтин кысымы башталганын кошумчалады. Анын айтымында, бийликтин таасиринде финансылык полиция, укук коргоо органдары «Кылым шамы» укуктук борборун алты айдан бери текшерүүгө алып, эки-күндүн биринде соттук териштирүүлөрдө жүрөт.

"Жарандар коррупцияга каршы" укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова дагы Ысык-Көл облусундагы Сары-Ой айылындагы бир туугандары тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн кызматкери маалымат топтоп, жеке турмушуна укук коргоо кызматкерлери кийлигишип, Конституциялык укугу тебеленип жатканын билдирди.

Саясий куугунтуктоолорду токтотуу комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин билдиришинче, буга чейин мурдагы министрлер азыр оппозициячыл саясатчылар Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, «Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге саясий заказ менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Прокуратуранын 13-январдагы маалыматына караганда, Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынан депутат Динара Ниязалиеванын кызы Айгүл Токомбаевага кылмыш иши козголгон. Шаардык прокуратура «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүн суракка алды. Айрым саясат таануучулар азыркы бийлик авторитардык башкаруу жолун тандап алганын айтышууда.

Башкеңсеси АКШда жайгашкан "Фридом Хаустун" "Дүйнөдөгү эркиндик" деп аталган отчету183 өлкөнү, Тоолуу-Карабах же Тибет өңдүү 13 талаштуу аймакты камтыйт. Отчетто 183 мамлекеттин 89суна "эркин", 62сине "жарым –жартылай эркин" 42сине "эркин эмес" деген аныктама берилген. Орусия "Фридом Хаустун" отчету боюнча былтыркыдай эле "эркин эмес" өлкө деп эсептелген. Борбор Азиядан Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан мурдагыдай эле "эркин эмес" деген рейтингин сактап калышкан. Кыргызстан мурда белгиленгендей "жарым –жартылай" эркин өлкөлөрдүн сабында болгону менен 2008-жылдын жыйынтыгында эркиндиктин абалы артка кеткен.

XS
SM
MD
LG