Репрессияланып, сөөгү табылбай калган Орозбеков

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абдыкадыр Орозбеков – сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири. Бирок 1938-жылы жазаланган Орозбеков кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге жашырылганы али күнчө тарыхый документтер менен тактала элек.

Эл ичиндеги имиштерге караганда анын сөөгү бир канча адамдар менен түн ичинде азыркы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган. Алдыда анын урпактары бул маалыматтардын чын-бышыгын тактоо өтүнүчү менен УКМКга кайрылганы турушат.