Кабул: өспүрүмдөрдү кырган жардыруу

Ооганстанда жарадар болгондордун бири. 15-август, 2018-жыл.

15-августта Кабулдун негизинен шийиттер жашаган районундагы болгон жанкечтинин жардыруусунан 34 киши көз жумду. Алардын баары университетке окууга даярданып жаткан балдар болгон.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат күндүзгү төрттө Ооганстандын борбору Кабулдун негизинен шийиттер жашаган Дашти-Барчи районундагы жеке менчик окуу борборунда жер солкулдаткан катуу жарылуу болду. Андан 34 киши мүрт кетип, 67 адам жарадар болду.

Бул кандуу окуяга күбө болгон Саид Али аттуу адамдын айтымында, өлгөндөрдүн баары экзаменге даярданып жаткан өспүрүмдөр болчу:

- Бир класста болгон балдардын дээрлик баары көз жумду, алтоо жарадар болгон. Бул жүрөктүн үшүн алган көрүнүш болду – көбүнүн денеси чачырап кетиптир.

Кабул шаары.

Полициянын билдиргенине караганда, жанкечти университетке тапшырууга даярдаган окуу борборунда билим алып жаткан өспүрүмдөрдү бутага алган. Ал сабак болуп жаткан кезде денесине таңып алган бомбасын жардырып жиберген. Окуяда жакынын жоготкон Матин Хан жардырууну айыптады:

- Бул такыр адамгерчиликке жатпаган иш-аракет. Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун адамдар мынчалык мыкаачы болбошу керек. Муну жасагандар адам эмес, алар айбандан да төмөн.

Кабулда окуу борборундагы жардыруудан мерт болгондор жерге берилүүдө.

Маркумдарды жерге берүү учуру. 16-август, 2018-жыл.

Жардыруу үчүн эч бир топ жоопкерчилик алган жок. Жергиликтүү шийит диниятчысы Жавад Гхавари бул кандыбулоон үчүн буга чейин мечиттерде, мектептерде жана маданий борборлордо ушул сыяктуу жардырууларды уюштурган “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмун айыптады. Анын айтымында, Кабулдагы шийиттерге соңку эки жылда 13 жолу чабуул коюлган. Кабулдун тургуну Мира Жан бийлик өлкөдөгү согушту токтотушу керек экенин айтты:

- Биз өлкөдө тынчтык болушун каалайбыз. Мындан ары мындай кан төгүүнү уланта бере албайбыз. Биз өкмөттөн согушту токтотуп, тынчтык орнотушун талап кылабыз. Биз жетиштүү жапа чектик. Ушул согуштун айынан көптөгөн ата-энелер жакындарын жоготту.

Кийинки жумаларда Ооганстандын ар кайсы райондорундагы бир катар аскердик жана административдик имараттарга чабуул койгон “Талибан” кыймылы окуу борборундагы жардырууга тиешеси жок экенин кабарлады. Анткен менен ал ооган коопсуздук күчтөрүнө улам бир жерден чабуул коюуда.

Жардырууда жарадар болгон киши.

15-августта маалым болгондой, талибдер Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Ойхоним уездин басып алган. Ооганстандын Тахор провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Халил Асирдин «Азаттыктын» тажик кызматына айтканына караганда, Ойхоним уезди үчүн болгон кагылышта 13 чек арачы мерт болуп, жетөө жабыркаган. Ушул эле күнү Ооганстан түндүгүндөгү Баглан провинциясында өткөрмө бекетке коюлган "Талибан" кыймылынын чабуулунан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 30дай аскери курман болгону кабарланды. Аптанын башында өкмөттүк күчтөр стратегиялык маанидеги Газни шаарын капыстан басып алган талибдерден дээрлик тазалашканын жарыялашкан. Бул уруштарды 200дөй жоочу, анын ичинде 12 талаа командири жок кылынса, өкмөттүк күчтөрдүн жүздөй өкүлү курман болуп, 30дай карапайым тургун мерт болгон.

Газни шаары.

Акыркы маалыматтарга караганда, 16-августта да Кабулдагы Ооганстандын чалгын кызматынын окуу борборуна согушкерлер чабуул койду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.