АКШ Ооганстанда аз гана аскер калтырат

Ооганстанда НАТОнун машыктыруу миссиясы боюнча жүргөн канадалык аскерлер мекенине кетип жаткан учур. Кабыл, 12-март, 2014.

27-майда президент Барак Обама болочокто Ооганстанда калтырылчу аскерлердин санын жарыя кылды. Ага ылайык, 2014-жылдан кийин 9600 аскер калтырылып, алар Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн машыктырууга көмөктөшөт жана “ал-каидачыларга” каршы антитеррордук операцияларды улантат.
Бирок 2016-жылдын аягына Кабылдагы АКШ элчиканасын күзөтүү үчүн аз гана (4 миңдей) аскер калып, калгандары биротоло чыгарылып кетет. Бир кезде Ооганстанда 100 миң америкалык аскер болсо, азыр 32 миң гана аскер бар.

АКШ аскерлери Ооганстанда 2001-жылдан бери жүрөт. Буга чейин америкалыктар чет жерде мынчалык көп убакыт согушкан эмес. Вьетнамдагы согуш он жылга созулуп, 1965-75-жылдары болгон. Президент Обама 27-майда айткандай, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда уюштурулган террордук чабуулдарга жооп катары киргизилип, алардын миссиясы болжогондон алда канча узакка созулду:

Президент Барак Обама Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү планын жарыя кылууда. Ак Үй, 27-май 2014

- Биз Ооганстанда көптөгөн америкалыктар күткөндөн узагыраак туруп калдык. Бирок күмөн жок: биздин аскерлердин, дипломаттардын жана чалгынчыларыбыздын чеберчилиги жана жан аябаган каармандыгынын натыйжасында “ал-Каиданын” жетекчилигине оңолгус сокку урдук, Усама бин Ладен жок кылынды жана Ооганстан биздин мекенибизге чабуул жасоо үчүн колдонулушуна жол берилбеди.

28-майда Ооганстандын жаңы президенти шайлангандан кийин кол коюлат деп боолгонуп жаткан келишимге жараша эмки жылы өлкөдө АКШнын 9 600 гана аскери калат. Бул жөнүндө Барак Обама Ак үйдө жасаган билдирүүсүндө баса белгиледи:

- Биз бул аскерлерди 2014-жылдан кийин эки жактын өкмөттөрү сүйлөшүп койгон Эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюлса гана калтыра алабыз.

АКШ президенти 27-майда ооган президенти Карзайга телефон кагып, жогорудагыдай чечим Германия, Британия жана Италиянын лидерлери менен макулдашылганын кабарлаганын Ак үйдөгү ырасмий булактар тастыкташты.

Коопсуздук боюнча келишимге Хамид Карзай утуру ар кандай талап айтып, кол койуудан баш тарткан. Бирок Ооганстандын президенттигине ат салышып жаткан Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани Вашингтон менен эки жактуу коопсуздук келишимине кол койууга даяр экенин билгизишкен.

Ал келишим боюнча, Обаманын айтышынча, 2015-жылы аскерлердин дагы саны эки эсеге кыскартылат. Алар Кабылга жана Баграм аэродромуна топтолуп, согуштук операцияларга катышпайт; оогандарга аскерий жактан кеп-кеңешин берип, коопсуздук күчтөрүн машыктырууга көмөктөшөт.

2001-жылы Ооганстанга аскер киргизүүнү көпчүлүк америкалыктар колдогон. Декбарда CNN/ORS International өткөргөн жалпы улуттук сурамжылоо Ооганстандагы согушту америкалыктардын 17 проценти колдогонун, 82 проценти каршы экенин көрсөткөн. Ирак согушуна каршылар 69 проценттен эч качан ашкан эмес. Вьетнам согушу кезде Gallup сурамжылоо жүргүзгөндө америкалыктардын 60 проценти урушка каршы экенин айткан.

Президент Барак Обама Баграмдагы авиабазада америкалык аскерлер менен кездешүүдө. Каыбл, 25-май 2014

Быйыл март айында CBS News өткөргөн изилдөөгө караганда, америкалыктардын 68 проценти АКШ күчтөрү Ооганстандан чыгарылып кеткен соң өлкөдө тынчтык орнойт деп бекем ишенишпейт.

Барак Обама да 27-майдагы сөзүндө: “Ооганстан идеалдуу жай болбосун биз мойнубузга алышыбыз абзел жана ал үчүн жалгыз Америка жооптуу эмес. Ооганстандын келечегин оогандар өздөрү аныкташ керек,” - деди.

Коомдук пикирге карабай, кээ бир республикачыл конгрессмендер Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү планын сындашты. Жон МаКейн, Келли Айот, Линдси Грэхэм аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү “согушту аяктоону кыйындатчу монументалдуу жаңылыштык” жана “саясаттын стратегияны жеңүүсү” деп сыпатташты.