Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Ааламды титиреткен алааматка он бир жыл


Кыйрап аткан Дүйнөлүк соода борборунун имараты. Нью-Йорк, 11-сентябрь, 2001-жыл.
Кыйрап аткан Дүйнөлүк соода борборунун имараты. Нью-Йорк, 11-сентябрь, 2001-жыл.

АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында дүйнөдөгү эң ири террордук чабуул жасалганына бүгүн туура он бир жыл болду.

Нью-Йоркто бүгүн мурдагы Дүйнөлүк Соода борбор турган жерде кош мунара кыйраганда каза тапкандардын туугандары алардын ысымдарын окушмакчы. Эскерүү жөрөлгөлөрү “ал-Каида” террорчулары карактаган калган эки учак кыйраган жерлерде да өтөт.

Пентагондогу иш-чарага президент Барак Обама, Пенсильвания штатынын Шенксвилл деген жериндеги эскерүү жөрөлгөсүнө вице-президент Жо Байден катышмакчы.

АКШ Коргоо министри Леон Панетта 11-сентябрдын кезектеги жылдыгын утурлай сүйлөгөн сөзүндө өлкө террор коркунучуна сак бойдон кала берерин убада кылып, АКШга кол салгандарга кун төлөөгө туура келерин эскертти:

- Бүгүн биз 2001-жылдын 11-сентябрында каза тапкандар, алардын үй-бүлөлөрү, бүткүл америкалыктар алдында алган убадаларды кайра жаңылоо үчүн чогулдук. Биз ар убак мекенибизге карата коркунучтарга кыраакы бойдон калуудабыз. АКШга ким кол салбасын ал жөн калбайт.


2001-жылдын 11-сентябрь күнү эртең менен барымтага алынган эки учак Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борборунун көк тиреген эки имаратын сүзүп, талкалап кирип кеткен. Анын натыйжасында эки зор имарат кулап түшүп, жанындагылардын бардыгын басып калган. Жыйынтыгында үч миңге жакын адам каза таап, миңдеген адамдар жарадар болушкан. Бул террордук актыны “ал-Каида” уюму мойнуна алып, он тогуз адамдан турган жанкечтилердин тобу аны ишке ашыргандыгы кийин белгилүү болду.

Барымтага алынган дагы бир учак бир нече убакыттан соң Вашингтондогу Пентагондун имаратын барып сүзгөн. Мына ушул окуядан кийин АКШ НАТОго кирген мамлекеттер менен бирдикте Ооганстанда антитеррористтик операцияларды баштаган.

2001- жылдагы террордук чабуулар үчүн жоопкер болгон “ал-Каида” түйүнүн лидерлеринин көбү, анын уюмдун анабашы Усама бин Ладен акыркы он бир жылда АКШ тарабынан жок кылынды.

АКШнын кесиптик коопсуздук жана саламаттык боюнча улуттук институнун маалыматына караганда, Дүйнөлүк соода борбордун мунаралары кыйраганда уулуу чаң алып келген ооруулардан акыркы он бир жылда 1000дей киши каза тапкан.

Тасмада: 9/11 Ааламды титиреткен алаамат


9/11 Ааламды титиреткен алаамат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG