АКШ президентинин өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер Украинанын НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн акыркы бир нече айдын ичинде Киевдин жана Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жабык жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы дипломатиялык чөйрөдөгү булактарга таянып кабарлады.
Басылманын маектештеринин айтымында, Вашингтон согушту токтотуунун эки жолун карап жатат.
Биринчи вариант боюнча Украина НАТОго толук мүчө болуп кабыл алынып, анын ордуна украин аскерлери Донбасстын Киев көзөмөлдөгөн аймактарынан чыгарылат.
Экинчи вариантта согушту азыркы фронт тилкеси боюнча токтотуу жана Украинаны НАТОго кошпостон, коопсуздугуна АКШ менен Европадагы өнөктөштөрдү кепил кылуу.
Өткөн жумада Кушнер бул сунуштарды Абу-Дабиде орус делегациясы катышкан сүйлөшүүлөрдө, ошондой эле Дублинде Украинанын президенти Владимир Зеленский жана европалык расмий өкүлдөр менен жолугушууда талкуулады.
WSJ басылмасынын жазганына караганда, Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭС) саммитинен кийин Дональд Трамп Кушнерге президенттик учактын бортунан телефон чалып, Орусиянын президенти Владмир Путин “согуштан чарчаганын жана аны токтотууга даяр” экенин билдирген.
Мындан тышкары, Абу-Дабидеги жолугушуудан кийин WSJ таанышкан расмий эмес документтерде Москва Украинанын Конституциясынан НАТОго мүчө болуу максатын камтыган жобону алып салууну талап кылганы айтылат.
20-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Украинанын Түндүк Атлантика альянсына мүчөлүгүнүн кандай гана түрү болбосун, анын ичинде квази-мүчөлүк дагы Москва үчүн кабыл алынгыс экенин билдирди.
Кушнер буга чейин Вашингтон Москваны Украинага Түндүк Атлантика келишиминин 5-беренесинде бекитилген жамааттык коргонуу принцибине негизделген коопсуздук кепилдиктерин берүүгө ынандыра алганын билдирген.
Ноябрдын ортосунда Зеленский АКШ НАТОго кошулуу үчүн Донбасстан баш тартууга даяр болуу маселесин ортого койгонун билдирген. Ал Украина өз аймагынан баш тартпай турганын белгилеп, бул сунушту коомдук талкууга коюуга макул болгону айтылган.
Абу-Даби шаарында 10-11-ноябрда өткөн сүйлөшүүлөрдө Орусия НАТОдон иш жүзүндө 1997-жылдагы чек арасына кайтууну, Украинага жардам берүүнү токтотууну жана өзөктүк куралды башка өлкөлөр менен бөлүшүү тажрыйбасынан баш тартууну бейрасмий түрдө талап кылганын 14-ноябрда The New York Times басылмасы өз булактарына жана сүйлөшүүгө катышкандар тараткан бейрасмий документке таянып кабарлаган. (КЕ)