Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Сыймык Жапыкеевдин бийликке айткан сын-пикирине жооп берди.
Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, бийликти сындаганга эч ким тыюу салбаганын, болгону мыйзамсыз аракеттерге, массалык башаламандыкка чакырууга же аны уюштурууга жол берилбей турганын билдирди.
“Эми шайлоо процесси башталганын баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Ошондуктан ар кандай пикирлер, сындар айтылат. Айрыкча талапкерлер өз позициясын ар кандай формада, маанайда билдириши мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш. Сыймык Жапыкеев деле Кыргызстандын жараны катары өз оюн айтууга, өзүнүн көз карашын билдирүүгө толук укуктуу. Мындан эч кандай маселе көргөн жокпуз. Алдыда шайлоочулар дагы көптөгөн пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды, ушактарды угушат. Кимге ишенерин, кимди колдоорун эл өзү урнага барганда чечет”, - деди Аскат Алагөзов.
Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматын жетектеген Сыймык Жапыкеев Кыргызстанда 2027-жылдын 27-январында өтө турган кезектеги президенттик шайлоого талапкерлигин койду. Ал акыркы убактарда бийликти сындап жатат.
Сыймык Жапыкеев жакында эле журналист Эрнис Кыязга 1 саат 40 мүнөттүк маек берип, ал 2-ноябрда жарыяланды. Анда ал Садыр Жапаровдун бийлигин сынга алып, өлкөдө жакырчылык күчөгөнүн айткан.
“90% эл “банк” деп сыздап калыптыр. Баары тең карыз. “Кымбатчылык” деп жүрүшөт. Бензин, тамак аш кымбат. Кыргыздар көчмөн эл болгондон кийин Көчмөндөр оюндарына барышат. ШКУнун жыйынын буга чейин деле өткөрүп жүргөнбүз. Эмне чечилди? Маселе чечилгенде да. Ютага же каяка барат бир нерсе чечип келиш керек да. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга барса 19 млрд доллар, Америкага барса 100 млрд долларга келишим түзүп келишет. Казактардыкы Европа же Кореяга барабы бир нерсе чечип келишет. Биздики эмне чечип келип атат?”, - деген Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болуп дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен. (BTo)