Өзгөн: Кырсык коштогон аламан улак
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Оштун Өзгөн районунда аламан улак оюнун көргөнү келген эки кишинин кырсыкка кабылышы коопсуздук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Алардын бири аты менен сууга түшүп кетип каза болсо, дагы бири машине менен дөңдөн тайып ооруканага түштү.Оюндун уюштуруулары кырсык үчүн кечирим сурап, бирок эки окуя тең улак чабылган аймактан сырткары болгонун айтышты. Милиция тергөөгө чейинки териштирүү башталганын билдирди.