Футбол күйөрмандары: калыстын чечимине нааразы болдук

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын 1/8 финалындагы оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттеш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадионунда 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталган. Эки команданын беттеши курч мүнөздө жүрүп, кошумча убакыт дагы берилди. Кыргызстандык баяндамачылар футбол калысынын айрым чечимдерин сындап жатышат.