"Аткаминерлерге сабак болушу керек эле". Шаирбек Ташиев абактан чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты. ИИМ аны “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кармап, мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян келтиргенин билдирген. Эми абактан чыгышына ошол чыгымдын көбүн жапканы негиз келтирилүүдө. Кенже Ташиевдин эркиндикке чыгышы эмнеден кабар берет?