Кырк сегиз жашында күтүүсүз тооруган оорудан кете берген чебер көзү тирүүсүндө калпак, элечек, белдемчи баштаган улуттук кийимдерди изилдеп, аларды ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктар тизмесине киргизүүгө чоң салым кошкон. Улуттук мурастарды таанытуу жана жайылтуу максатында кыз-келиндерге кол өнөрчүлүктү үйрөтүп, эл аралык маданий фестивалдарды өткөргөн.
"Кийиз - кыргыздын баскан жолу"
Айдай Асангулова Тоңдун кызы. Кол өнөрчүлөр байырлаган Кызыл-Туу айылында жарыкка келген. Кенедейинен боз үй жасоого катышып, кийиз менен иштөө сырларын эрте үйрөнгөн.
Мектепти аяктаганда узчулукту улантууну чечип, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырып, дизайнер-конструктор кесибине ээ болот.
Жакындан билгендердин эсинде ал кийизге кыргыздын эчен кылымдык эн тамгасы катылган жандуу табериктей аяр мамиле кылганы менен калды.
Нуржамал Асангулова эжеси өмүрүнүн теңин унутулган улуттук мурастарды кайра жандантууга арнаганын айтты:
Нуржамал Асангулова эжеси Айдай Асангулова менен.
“Атабыз уста, апабыз иштүү адам. Чоң энебиз, таенебиз дагы уз болгон экен. Үйдө сегиз бир тууганбыз. Төрт кыз, төрт бала. Агаларыбыз боз үй жасайт, биз узчулукту аркаладык. Айдай эжемдин кесиби дизайнер-конструктор. Биз эми кичинебизден боз үйдүн үзүк-туурдугун, жабык башы кантип жасаларын көрүп чоңойдук да. Эжем кийизден кийиз тиксе эмнеге болбосун деп, дипломдук ишин ошол боюнча жактаган. Кийин жибек моюн орогучтарга жүндөн оюм-чийим түшүрүп жүрдү. Чакан ишканабыз бар эле. Студент кезден жардам берип иштеп калдым. Ошол өнөрканага “Биз баскан кийиз жолдор” деп жазып койчу. “Кыргыздын жашоосу жалаң кийизге байланган” деп айтчу. 2011-2012-жылдары семинарларга көп катышты, көп окуду. Кызыл-Тууда илгертен эле боз үйлөр көп жасалат. Ошол өнөрдү жайылталы деп “Муундан муунга” деген фонд түзүп, айылда эки жолу театралдашкан фестиваль өткөрдү”.
Сиңдисинин айтымында, Айдай Асангулова 2012-2013-жылдары фестиваль өткөргөндөн кийин улуттук кийим-кечекти кайра жандантуу керектигин, болбосо унутулуп, элдин эс тутумунан өчөрүн түшүнгөн.
Көөнө мурастарды издеп, Кыргызстанды түрө кыдырып, кыргыздар жашаган Памир, Ван аймактарына чейин барып келген. Андан кийин колу жөндөм кыз-келиндерди окутуп, сайма сайганды, кийим тиккенди үйрөтө баштаган. “Кийиз дүйнө” брендин түптөп, бир катар чоң долбоорлорду жүзөгө ашырган.
Айрыкча анын кыргыздын кырк уруусуна таандык калпак, элечектерин изилдеп, кайра жандантууда кылган эмгеги ат көтөргүс.
“Бир жылы синтетика калпактар көбөйүп кетпеди беле. 2011-жылдан тарта Айдай эжемдин долбоору менен нукура кийизден калпактын түрүн тигип, кийилишин, тигилишин изилдеп баштадык. Азыр улуу эжем ошол ишти аркалап жатат. Айдай эжем кийин апалар тирүүсүндө элечек орогонду үйрөнүп калалы деп чоң долбоор баштады. Ар бир уруунун элечегин тарыхый маалыматтарга таянып изилдеп чыкты. Элечек боюнча китеп да жазды. Илимий иш жазам деп жүрчү эле, ага жетпей калды. Дагы бир чоң долбоору - белдемчи. Аны тиккен апаны таап келип, керме сайма түшүргөндү үйрөндүк. “Жайлоо” деген долбоору бар эле. Жыл сайын улам жайлоого бир айга барып, каалоочуларга жума сайын салттуу билимди алып жүргөн киши өнөр үйрөтчү. 2024-жылы “Жанданган мурас” деген долбоор баштады. Орус сүрөтчүсү Верещагиндин “Бай кыргыз” деген сүрөтүндөгү костюмдарды кездемесинен бери колго жасатып, кайра тиктик. Азыр ал Чолпон-Атадагы “Көчмөн цивилизациясы” музейинде турат”, - дейт Нуржамал Асангулова.
Айдай Асангулованы жакшы тааныгандар анын Кызыл-Туу айылында эки жыл катары менен өткөргөн маданий фестивалдары кийин Көчмөндөр оюндарын уюштурууга башат болгонун айтышат.
Акагың кимдер тагынат эже...
Седепке седеп кынадың эже,
Эненин жолун уладың эже…
Элечек ороп, белдемчи жасап,
Эзелки наркты сурадың эже.
Беш белден чапан бычкансың эже,
Бек-хандан кепти уккансың эже,
Улуттук кийим баш-этек, баарын,
Унутпай жасап чыккансың эже…
Күмүшкө күмүш чабылат, эже,
Күмүшүң кимдер тагынат эже?
Күмүрөн калгыр аа дүйнө деген,
Күйүттөн көңүл сабылат эже…
Алтынга алтын чабылат эже,
Акагың кимдер тагынат эже,
Өнөр дүйнөсү өкүрүп жоктойт,
Өзүңдөй кайдан табылат эже?
Күндүүдө күлүп баспадың эже,
Күмүштөн күбөк, чачпагың эже,
Күбөктүн боосу үзүлдү эже,
Күндүн бир илеп бузулду эже…
Акактан топчу кемселиң эже,
Ак маржан шуру сеңселип, эже,
Шурусу жерге чачылды эже…
Шумдуктуу ажал шашырды эже…
Айдай Асангулова дүйнөдөн кеткенде ушул кошокту жазган журналист Шаакан Токтогул маркумдун кыргыз маданиятына кошкон салымы чоң болгонун белгилейт.
Ал Асангулованын мээнети аркасында элечек, белдемчи, калпак өңдүү бир катар мурастар кайра жанданып, илгерки зер буюмдардын үлгүлөрү модага айланганына көңүл бурду.
“Айдай эже экөөбүз 2009-жылы таанышканбыз. Ошол кезде эже эл аралык уюмдарга “Муундан муунга” деген калпак долбоорун жазып, анын үстүндө иштеп жаткан. Менин жолдошум Мирхамид Токтогул дайыма калпак кийип жүрөт эмеспи. Апабыз да калпак тикчү. Ошентип таанышып калганбыз. Айдай эже аймактарды кыдырып, этнографтарга жолугуп, калпактын түрлөрүн изилдеген. Биринчи жолу “Миң кыял” аттуу өнөркана ачкан. Кыргызстанда Бурул Мамбетова деген эже бар. Европадан келген адистерден жибек менен жүндү айкалыштырып буюм жасоону алгачкы болуп үйрөнүп, жайылткан. Айдай эже андан үйрөнүп, өзү ойлоп тапкан башка ыкмалар менен жасап жүрдү. 2011-жылы эже үйгө келип кийизге байланыштуу бир долбоор баштаганын, бирок аталышын таппай жатканын айтып калды. Мирхамид анда жаш, кыргыз таануу илимин жаңыдан изилдеп жүргөн. “Эже ошону “Кийиз дүйнө” десеңиз кандай болот?” деп калды. Эжеге аталыш жагып, 2012-жылы ошондой аталыштагы маданий фестиваль өткөргөн. “Ак шумкар-Куттун” балдары барып жардам беришкен. Кызыл-Туу айылы 70-жылдардан бери эле “Кыял” бирикмесинин боз үй жасаган филиалы болуптур. Эженин максаты – ошол айылды боз үй жасоочу борбор катары маданий картага киргизүү эле. Чындап эле киргизген экен. Азыр ал айылга Казакстандан, Орусия, Германиядан бери келип боз үйдүн өзүн, кийиздерин алып кетишет. Ошол деңгээлге чыгышына Айдай эженин эки жыл катары менен өткөн фестивалы өбөлгө болду. Калпакты “Айгине” фонду менен биргеликте ЮНЕСКОго маданий мурас катары киргизди. Кийин элечек долбоорун баштады. Аймактарды түрө кыдырып, элечектин ондон ашык түрүн калыбына келтирди. Аны да чуркап жүрүп ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизген. Эмил Тилеков деген сүрөтчү байке бар. Ал киши кыргыздын улуттук кийимдеринин сүрөттөрүн таап чыгып, аларды кайра калыбына келтиришкен. Аны менен эле токтоп калбай, зер буюмдарды, чачпак, чачуштук, маржан шуру, эски сөйкөлөрдү кайра жандантып, модага айлантышты. Салттуу белдемчини керме сайма менен кайра иштеп чыкты. Таластан бешбел көйнөктү тиккен апаларды таап алып келип, аны да жандантты. Үйдө отурган келиндер үчүн курстарды ачып, кийим тиккенди, туш кийиз сайганды үйрөттү. Сайма фестивалдарын көп өткөрдү. Айдай эже жолдошумдун апасын дагы фондго чакырган. Ал киши келиндерге тебетей бычканды, өрмөк сокконду үйрөтсө, Таластан келген Толсун апа керме сайманы үйрөткөн болчу. Колунан иш келген байбичелерге белегин карматып, билгенин алып калалы деп үйрүлүп түшчү. Айрымдарына чуркап жүрүп “Маданияттын мыкты кызматкери” наамын да алып берген”.
Айдай Асангулова "Кийиз дүйнө" фондунда иштеген чеберлер менен.
Маданий ишмер Дөөлөт Рысбаев “Кийиз дүйнө” фондунда бир топ жыл иштеген. Айдай Асангулованын шакирти. Ал устатынын кетиши менен кыргыз этнографиясы чоң жоготууга учураганына кейиди.
“Эже менин устатым болду. Экөөбүз 2013-жылы таанышканбыз. Иниси досум болот. Ал аркылуу Кызыл-Туу айылында өткөн экинчи эл аралык “Кийиз дүйнө” фестивалына ыктыярчы болгом. 2016-жылдын декабрынан тарта фонддун координатору болдум. Фонддо 2022-жылдын июль айына чейин иштедим. Андан кийин башка иштер менен да алек боло баштадым. Калыптанышыма, кыргыз дүйнөсүн таанышыма, мугалимдик чеберчиликти үйрөнүшүмө Айдай эженин салымы зор. Кыргыздын салттуу дүйнөсү чоң кенч экен, казып бүтө албайсың. Айдай эженин этнографияга чоң салымы - кыргыз калпагын изилдегени болгону деп эсептейм. Кийизди жасоо, бычып-тигүүдөн тарта аны жаш куракка жараша кийүү концепциясына чейин иштеп чыккан эле. 2011-жылы калпак боюнча китеп жарык көргөн. Азыр илимий чөйрө колдонгон маалыматтын көбү ошондон алынган. Калпакты ЮНЕСКОго киргизүү аракетин 2015-жылы баштаганбыз. 2019-жылы үзүрүн көрүп, маданий мурастардын тизмесине кирген. Айдай эже бизге адамгерчиликтүү болууну үйрөткөн, мыкты устат, мыкты дизайнер, ошол эле маалда жөнөкөй, шайыр адам болчу. Мага энемдей эле мамиле кылды. Кыргызстанда учурда этнографияга мамлекет тараптан эч кандай колдоо жок. Илимге салым кошом десең, өзүң каражат таап иштешиң керек. Анан кабинеттик изилдөө башка, талаа изилдөөсү башка да. Айдай эженин изилдөөлөрүнүн 95 пайызы талаа изилдөөсүнөн турат. Мургабга эки жолу бардык. Вандык кыргыздар менен байланыш түздү. Пакистандагы кыргыздарга да барган. Талаа иштеринде жүргөндө адам менен сүйлөшкөндү, иштешкенди билиш керек. Ошол сапаттар Айдай эжеде бар эле. Эженин дүйнөдөн эрте кетиши кыргыз илими, этнографиясы үчүн чоң жоготуу болду да”.
Айдай Асангулова өнөрканасында.
"Эже аябай шашып калган"
Асангулованын дагы бир шакирти Бурул Исмантаева устаты ар бир буюмга аярлык менен карап, жоопкерчиликтүү мамиле кылган инсан болгонун эскерди.
“Айдай эже талапты кое билчү. Бир нерсени жасоодо үч жол болсо, анын эң татаал, оорун тандачу. Биз батыраак бүтө турган, оңой жолун айтсак, “Жок, жеңилге качырсак, унутулуп калат” деп илгеркидей ыкма менен жасатып жүрдү. Муну биз “Жанданган мурас” долбоорунда көрдүк. Сүрөттү карап кийим тиккен өтө оор болот экен. Колуң менен кармап же ченей албайсың дегендей. Ошого карабай дем берип, алдыга сүйрөдү. Жыйынтыгында кыргыз элине мураска калчу эмгек жараттык. Айдай эже тубаса лидер эле, уюштургуч болчу. Кимдин колунан эмне келет деп сезип, ошого жараша иш берчү. Иш үйрөнөм деп келгендерге "чын көңүлүңөр менен тилек менен жасагыла, ошондо мээнеттин акыбети кайтат" дечү. "Сайма сайып жатканда жаман ойду кууп, жакшы тилек кылгыла" дечү. Иш кылып атып ачуулансаң же оюң бузулса, жибиң үзүлүп, ишиңе канааттанбай каласың деп айтчу. Эгер туура эмес тигип алсаң кайра сөктүрчү. “Кийин бул буюм музейге коюлат, анан эл изилдеп калса, бул чебер ушундай болгон турбайбы деп сага сөз тиет” деп айтчу. Үч ай мурда экөөбүз Китеп палатасы которгон Антипинанын китебин карап чыкканбыз. Белдемчи долбоорун баштап, каталог түзө баштаган элек. Анан эле сыркоолоп калды. Ооруканага “Мен айыгып келем, силер иштеп тургула” деп кеткен. Эже акыркы эки жылда аябай шашып калган. Жакшы бир нерсе көрсө эле, жакшы тилек менен жасады да муну деп кубанып калчу. Адамдын көңүлүнө карап, жашка жаштай, балага баладай, карыга карыдай мамиле кылчу. Тамашакөй эле”.
Айдай Асангулованын жакын курбусу, журналист, "Көк асаба" гезитинин башкы редактору Салтанат Кыдырмаева маркум соңку жылдары "Манас" эпосуна кызыгып, аны сааттап угуп отурган учурлар көп болгонун эскерди:
“Айдай 2025-жылдын августунда иш-сапары менен Түштүк Кореяга барып келген соң: “Ээ-э десең, биз качан алардай болуп өз баалуулуктарыбызды көтөрүп, баалап-барктап, ички жашообузга колдонуп, сырткы дүйнөгө даңазалайт болду экенбиз... Кореялыктар бул жагынан укмуш эми! Качан ошондой сонун кыргыз музейибиз болор экен, ай-ай...” деп башын чайкап кейиген. Музей анын жеке иш түзүмүндө, жакынкы жылдардын аракетинде бар болчу. Акчасы жок болсо да карыз таап, “ушуну бирөөлөр чет мамлекетке сатып жибере электе алып калдым” деп көрсөтүп, илгерки сандык, туш кийиз, камчы, көөкөр – эмне болбосун карызга акча таап болсо да сатып алчу. Саткандар да “Казактар муну мынчага алат экен, келген туристтерге мынчага сатып жиберсек болот экен деп” өз бааларын түшүрчү эмес. Ушундай учурларда бир “Кыргыздын кайталангыс канча сонун буюм-тайымдарын ушинтип четке сатып жок кылышты, эмне кылабыз эми – эч нерсе кыла албайбыз. Кайтаруу мүмкүн эмес да!” деп бир жагынан ачууланса, бир жагынан кайгырчу. Ошол сатып алгандарынын баарын Айдай музей уюштурууга деп топтоп жүргөн. Акыркы эки жыл ичинде жеке руханий изденүүсүнө өтө маани берип, көп окуду, укту, көрдү, ар кандай адамдар менен баарлашты. “Манас” окуганды, укканды өтө жакшы көрчү. Андай учурда көзүн жуумп алып, айтылып бүткүчө термелип угуп отура берер эле. Манасчы Кулмат Сыдыковдун “Манас” айтканын, күпүлдөтүп төккөндөгү энергетикасын, “Манастагы” окуяларды кара сөз менен чечмелеп бергендерин аябай жактыргандыктан, атайы Таласка чейин барып укчу. “Кулмат менен чалышып сүйлөштүм, жакында Бишкекке келбейт экен, “Кийиз дүйнөдөгү” кыздар менен ошол жакка барып укмай болдук” дечү. Же болбосо, Ак-Өргөдөгү “Кийиз дүйнөнүн” короосуна атайы боз үй тигип, “Манас” угуу уюштуруп, баланчанчы күнү келгиле деп баарыбызга кулактандыруу жиберчү”.
Нуржамал Асангулова буга чейин кабагым-кашым дебеген эжесин дарт заматта алып кеткенине азыр ишене албай турган кези. Бир тууганы этнографиялык музей, атайын академия ачабыз деп тилек кылганын, ошолорго жетпей өкүттө кеткенин айтып отурду.
“Бир туугандар арасынан аябай шайдоот жүргөнү Айдай эжем эле. Энергиясы ашып-ташып, жаны тынчу эмес. Чарчаганын же ооруп жатканын көрбөпмүн. “Бардык оору башыңарда, оюңарды оңдогула” дечү. Көптөр азыр “узакка созулган оорудан кетти” деп жатышат, чынында андай эмес. Оорусу өтүшүп кеткенин кеч билдик. Ушул жайдан баштап эле алы кетип, шалдырай баштады. Ошону да моюнга алгысы келбеди. Элге окшоп дүнүйө, оокат деле жыйган жок. Тапкан-ташыганын эки баласына, алардын билимине жумшады. Азыр кыргыздын туш кийиздери кескиленип, туш келди сатылып жатпайбы. Эжем аларды сыртка кеткенче өзүбүздө калсын деп алып койчу. Этнографиялык музей ачам деген мүдөөсү ишке ашпай калды”.
Маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер, изилдөөчү, этнограф, кыргыз улуттук кийимдеринин мыкты адиси, "Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Асангулова Айдай Бектемир кызы 25-январда 48 жаш курагында катуу оорудан каза тапты. Сөөгү өзү туулуп-өскөн Кызыл-Туу айылында жерге берилди. Маркумдун артында эки баласы калды.
"Азаттыктын" архиви: Айдай Асангулова жетектеген "Кийиз дүйнө" фондунун "Бир саатта жүз элечек оройбуз" маданий иш-чарасы.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бир саатта жүз элечек оролду