"Cапаттуу билим берген мугалим калсын". Мектептеги атаандаштык

Мектептеги мугалим менен окуучу

Кыргызстанда пенсия курагындагы мектеп мугалимдерин жумуштан кетирип, ордуна жаш адистерди алып келүү демилгеси коомчулукта курч талкуу жаратты. Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаеванын айтымында, мугалимдердин айлык акысы жогорулагандан кийин мектептерде бош орундар үчүн атаандаштык күчөдү.

Ал эми пенсия курагындагы мугалимдерди Эмгек кодексинин талаптарына ылайык, өз ыктыяры менен жумуштан кетмейинче бошотуу кыйын болууда. Президент Садыр Жапаров Ала-Буканын тургундары менен жолукканда жаш мугалимдерди жумуш менен камсыз кылуу үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган. Өлкөдөгү жалпы мугалимдердин 15% ашуунун пенсия курагындагылар түзөт.

Коомчулукта убагында жаштардын баары мектепке барбай, миграцияга чыгып кеткенде агартуу тармагын кармап турган күч азыркы пенсионерлер болгонун айтып, аларды эркине каршы жумуштан кетирбөө талабын айтып чыккандар болууда. Жаш мугалимдерге жумуш орундарын ачуу үчүн пенсия курагындагы мугалимдерди кызматтан кетирүү зарылбы, же эки муундун тажрыйбасын айкалыштырган башка жолдор барбы? Бул маселенин оң жана тескери кесепеттерин талдоого алабыз.

Махабат Мурзакматова 55 жашында 35 жылдык стажы менен пенсияга чыккан мугалим. Учурда өлкөдөгү жеке менчик мектептердин биринде эмгектенет. Ал шаардагы мектептерде мугалим жетишсиздиги курч маселе экенин белгилеп, пенсиядагылар дагы иштеп турууга аргасыз экенин билдирүүдө:

Махабат Мурзакматова

"Пенсияга чыккан мугалимдердин баарын жумуштан алчу болсо Бишкектеги мектептер таптакыр мугалимсиз калбайбы. Азыркы күндө шаардын мектептеринде бир учурда 5-6 предметтик мугалим жетишпегендер толтура. Вакансияга кирсең - таң каласың: борбор шаарда химия, физика мугалими, орус тили, дене тарбиясы өтүлбөй жатат. Айылдагы мектептерде гана пенсионер мугалим кетпей, жаштарга орун жоктур. Шаарда болсо мугалим жетишпейт. Менимче, Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү таптакыр туура эмес же өзгөртүү киргизгенде жаш куракты чектөө зарыл болот. Мисалы, 65тен же 70 жаштан деп. Өзгөчө Бишкектеги мамлекеттик мектептерде мугалим жетишпейт. Класстарда 50дөн ашык бала отурат, билим деңгээли ар түрдүү, арасында СДВГ, гиперактивдүү, аутизм, дислексия, дисграфия дегендер да бар. Анан жаш мугалим ошолорго нерви чыдайбы? Кээ бир мектептерде предметтик мугалимдер жетпеген үчүн 75-78 жаштагы мугалимдерди кетирбей отурушат. Мен билгенден, №83 мектепте 2-3 жыл химия сабагы өтүлбөй, кошунанын балдары мектепти химиясыз аяктап кетишти. Кодекске өзгөртүү киргизсе, анда жалаң гана "айылдык мектептерге" деп киргизсе болот, себеби орун талашкандар айылдык мектептерде көп учурайт. Мисалы, Ат-Башыда 45 жаштан пенсияга чыгат. Бирок 45 жаш деген жапжаш эле курак да, алар, албетте, иштеп эле жүрүшөт. Анан ошол айылга 2 мугалим келин болуп түшсө, беркилер орун бербей иштеп жатышат. Маселе ошондой жерлерде бар. Оштогу У.Салиева лицей-мектебинде орус тили мугалими жетпегендиктен 4-курстун студентин жумушка алганга аргасыз болушуптур. Анан биздин министр кайдагы жомокту айтып отурат", - деди Мурзакматова.

Пенсия курагындагы мектеп мугалимдерин жумуштан кетирип, ордуна жаш адистерди алуу маселеси президент Садыр Жапаровдун 28-октябрда Ала-Буканын тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү. Анда Падек айылынын Гүлбара аттуу тургуну "пенсионерлер жаштарга орун бошотсун" деп, маселеге көңүл бурууга чакырган.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева буга жооп берип, мугалимдердин айлык акысы жогорулагандан кийин мектептерде бош орундар үчүн атаандаштык күчөгөнүн билдирди. Бирок Эмгек кодексинин талаптарына ылайык пенсия курагындагы мугалимдерди өз ыктыяры менен жумуштан кетмейинче кызматтан бошотуу кыйын болууда.

Догдуркүл Кендирбаева

“Кыргызстан боюнча пенсиядагы мугалимдерди кетире албайт экенбиз, анткени алар мамлекеттик кызматкер эмес. Эмгек кодекси аларды коргойт. Бирок эки муун ортосунда тиреш күчтүү. Айлык акы жогорулагандан кийин эч кимдин кеткиси келбей, тескерисинче, орун берүүнү талап кылып жатышат. Пенсия курагындагы мугалимдердин арасында 68–70 жашка чыккандар да бар. Ал эми Нарын сыяктуу бийик тоолуу аймактарда пенсия курагы 45–50 жаштан башталат”, - деди министр.

Кендирбаева пенсия курагындагы мугалимдерди жумуштан бошотуу боюнча чечимдер сот аркылуу жокко чыгарылып, кайра кызматына кайткан учурлар көп экенин кошумчалады. Министр бул маселени чечүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл экенин билдирди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кезекте турган жаш мугалимдер көп болсо, маселени мыйзамдык негизде чечүү керектигин белгиледи:

Садыр Жапаров

“Эгер орун талашып келип жаткан болсо анда Эмгек кодексин өзгөртөлү. Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштеп чыгып, карагыла. Бул маселени мыйзам менен чечели”.

Бул маселе боюнча коомчулукта түрдүү пикир айтылып, талаш-талкуу жаралды.

Айрымдары санарип доорунда окуу жайды жаңы бүткөн жаштардын келишин колдосо, улуу муундун тажрыйбасы маанилүү экенин белгилеп, буга чейинки жасаган эмгегин эстен чыгарбоону айткандары бар.

"Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагынын 2025-жылдагы жеңүүчү Элзат Асанова жаш курагына эмес, мугалимдин билим берүүгө кошкон салымына жараша баа берүүнү туура көрөт.

Элзат Ысык-Көл облусундагы К.Үмөталиев атындагы №22 жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет.

Элзат Асанова

"Пенсия курагындагы жана жаш мугалимдерди карама-каршы койбостон, биз билим берүүгө ким кандай салым кошо алат, ошол нерсе менен караган жакшы деп эсептейм. Биздин мектепте деле пенсия курагындагы мугалимдер иштейт. Эгер артында ишин улантып кете турган жаш мугалимдер болсо алар өздөрү эле акырын жумуштан кетишет жаштар иштесин деп. Улуу муундагы мугалимдер дагы керек. Биз алардан тажрыйба алабыз, багыт көрсөтөт. Азыр технологиянын заманы болгондуктан аны жаштар жакшы өздөштүрө алат. Ошондуктан эки жак тең биргелешип көйгөйдү чечүү керек. Кийинки муунга ким сапаттуу билим берсе ошонусу калса туура болот го деп ойлойм. Анткени ошол эле жаш мугалимди дагы улуу муундагылар окутуп жатышат. Эгерде кадр жетишпесе анда пенсиядагы мугалим мыкты иштесе ал деле иштей берсин, жаштар көп болуп, жумушка кире албай жатса, анда жаштарга орун берип, багыт көрсөтүп анан кеткен эжекелер болду. Улуу муун анан жаштар деп экиге бөлүнбөстөн билим берүү системасына кандай пайда алып келе алам деп балдарды ойлоп, биргеликте эмгектенишибиз керек. Анткени биз өлкөбүздүн келечектеги инсандарды, атуулдарды тарбиялап, билим берип жатабыз. Эң негизги маанилүү маселе ушул деп ойлойм", - деди Асанова.


Соцтармактардагы пикирлерден:

Майрам Буйлашова
"Жаш мугалимдердин көбү ЖРТдан (ОРТ) эң төмөн балл алып, педагогикалык окуу жайларына тапшыргандар же сырттан окугандар. Жат жазуу эле жазып көрүшсүнчү, билим деңгээли көрүнөт. Албетте, күчтүү жаш мугалимдер да аз эмес.

Жылдыз Исираилова
"Пенсияга жетишсин, пенсионер мугалим, даарыгер болобу, билимди күндүз окуп иштеп элдин кызматында. Эмнеге айлык азда ошол жаштар жок болгон, баары сырттан окуп, өздөрү Орусиялап жүрүп, келишим менен окуп, эми мындай ажырым болуп жатат. ЖК депутаттары жакшы түшүнүшөт, иштешсин, айлыкка эмес балдардын келечеги үчүн. Өмүр баянды өз колу менен жазууну талап кылалы.

Сабира Исаева
"60 жаштан өйдөкү пенсионерлердин кеткени жакшы эле. Өздөрүнүн ден соолугун карашсын да. Мен деле 30 жыл мугалим болуп иштеп 48 жашымда эле кеткем. Азыр программа, методдор, интернет менен байланыш баары өнүккөн. Эски методдор колдолунбай калды. Пенсионер мугалимдерге деле иштөө кыйын болуп калды. Болгону мугалим пенсионерлердин пенсиясын дагы көтөрүп койсо жакшы болмок ошондо кетишет да".

Майрамкул Тентиева
"Пенсионерлердин аз да болсо пенсиясы бар. Балдары бар колдоп коштогон. А жаштарчы? Же пенсия албаса же жумушу жок отурушат дипломду кучактап. Биз кыйын кезде иштегенбиз деп өзүмчүл болбой, жаштарды деле ойлогула да. Жаштардын балдары кичине, иштеп, аларды багыш керек. А пенсионерлердин балдары өздөрүн багып кеткен. Керек десе силерди кошо багат, каралашат".

Мидин Эргешов
"Мен 62 жаштамын, пенсиядамын. Ордума жаш мугалим келсе бошотуп берем. Мугалим жок, жетишпейт бизде айылда".

Пенсия курагындагы мугалимдерди, алардын саатын азайтуу маселеси буга чейин дагы көтөрүлгөн. 2018-жылы мектеп мугалимдеринин ишин жакшыртуу алкагында пенсия курагындагы 2 миңдей мугалимдин сааты азайган. Эки миңдей пенсионер мугалим ардактуу эс алууга чыгарылып, ошол кезде дагы бул маселе кызуу талкууланган.

Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернаттын география сабагынан мугалими Эрали Абдиев бул маселеге эки тараптуу караш керектигин айтып, биринчи орунда мугалимдин кесипкөйлүгүнө көңүл буруу маанилүү экенин билдирүүдө. Абдиев пенсиядагы мугалимдер жаштар айлыктын аздыгынан жумушун таштап, чет өлкөгө кетип жаткан учурда да мектепте эмгектенип келишкенин белгилеп жатат. Ал өзү 2025-жылы география сабагы боюнча республикалык сынакта "Мыкты мугалим" аталган.

Эрали Абдиев

"Пенсияга чыгып иштеп жаткандардын канча жылдык тажрыйбасы бар, көбү Союздун кадрлары, билими жакшы. Жаш мугалимдер деле билимдүү, компьютерди жакшы билген, санарип десе болот, сабактардын жаңы формаларын билишет. Негизги маселе ишти алып кетишинде. Кээ бир пенсионер мугалимдердин арасында жаштардан жакшы, камчы салдырбай иштеп жаткандар бар. Окуучулары олимпиададан жакшы жыйынтык көрсөтүп жаткандар, жалпы республикалык тесттен жакшы балл алгандары бар. Ар кандай сынактарга катышып, жакшы жыйынтык көрсөткөндөрү дагы жок эмес. Алар пенсияга кете турган болсо пенсиянын көлөмүн дагы көтөрүп бериш керек. Жаштар келсе дагы жоопкерчилик менен иштеш керек, азыр мектепте иштөө, негизи мугалимдик кесип өзү оор. Айлык, акча маселеси биринчи орунда туруш керек. Бирок канча айлык алат экенмин дебестен сабак өтө аламбы, өспүрүмдөргө билим бере аламынбы, берген билимим жугумдуу болобу, сабак берип чыккандан кийин окуучулар арасында мен жөнүндө жакшы ойлор калабы деген нерсе дагы болуш керек жаш мугалимдерде. Биринчи орунда өзүнүн кесипкөйлүгү, балдар менен тил табышып кетүүсү, өзүнүн сабагын жакшы окутуусу турушу керек. Анан айлык дагы болот. Азыр мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин чындыгында мектепте иштейли дегендер көбөйдү. Ошондуктан ушул маселе көтөрүлүп жатат. Пенсияга чыккан күнү деп мектептен чыгарып койгон туура эмес. Айлык акыны айлап алалбай, анын ордуна башка продуктуларды берип койгон учурда дагы чыдап иштешсе азыр эми айлык алып баштаганда пенсияга кетириш аларга деле оор болот".

Билим берүү жаатындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров бул маселени чечүүнүн айрым жолдорун сунуштады:

Кеңешбек Сайназаров

"Өлкөнүн тарыхында Союз жоюлуп, өзгөчө билим берүү системасы чоң кризиске такалган учурда азыркы пенсия курагындагы агай-эжекелер ушул системаны кармап калган. Ошол эле кезде биздин мыйзамдар, керек болсо Конституцияда дискриминацияга жол берилбеш керек деп ойлойм. Бизде илгертен эле жаштарды тарбиялай турган устат-шакирт деген система бар. Ошону колдонсок жакшы болот эле. Маданияты, нарк-насили бизге жакынырак Жапонияны алалы. Аларда сенсейлерге жасалган мамилени суктанып айтып келебиз. Анда 60тан ашкандан кийин жаш мугалимдерге насаатчы болот. Сабакка кирбейт, бирок сабагын көрүп, текшерип, кеңеш бере турган институт болот. Финляндияда 65 жаштан өткөндө мугалимдердин жүктөмү 0,5 ставкага түшөт, бул деген жумасына эки күн сабак берип, калган күнү эс алат. Ошондо пенсия курактагы мугалимдерди толук кетирбей, алардын дараметин дагы колдонот элек. Ошол эле кезде бардык мугалимге сапатка тиешелүү компетенция ченеми эске алыныш керек. Жаш болгон менен ыкшоо болуп, сабагын дагы жакшы өтпөй, жүрөгү мугалимдик кесипте болбой, айлык үчүн иштеп жүргөн адамдар бар. Улгайган, бирок иштегиси келбей калгандар дагы бар. Мунун баары дараметке байланыштуу".

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдер өлкөдөгү жалпы педагогикалык жамааттын 15,5 пайызын түзөт.

Ошол эле учурда өлкө боюнча 588 мугалим жетишпейт.

Негизинен, математика, физика, тарых, орус тили, информатика предметтеринен мугалимдер жетишпейт. Мугалимдердин жетишсиздиги көбүрөөк аймактар - Бишкек шаары жана Чүй облусу.

Статистикалык маалыматка караганда, өлкөдө мугалимдердин жалпы саны 94 миңге чукул. Анын ичинен мамлекеттик, муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында 86 миңдей, ал эми жеке менчик мектептерде 7 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

Кыргызстанда мыйзам боюнча аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыга алышат.

Бийик тоолуу аймактарда жашаган эркектер 55, аялдар 50 жашта пенсияга чыгат. Эгер ушундай шартта жашаган жана иштеген, үч жана андан көп бала төрөгөн жана аларды 8 жашка чейин тарбиялаган аялдардын пенсиялык курагы 45 жаш деп көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда 13 жогорку окуу жайда жана Ж.Баласын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймактагы алты филалында педогогика багытындагы адистер даярдалат. Жылына 5 миңдей бүтүрүүчү окууну аяктайт.