Азамат ата-энесин Кочкордон тапты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттыктын" каарманы «Бир койго сатылган Азамат» үй-бүлөсүн тапты. Маркум кесиптешибиз Улан Эгизбаев көзү тирүүсүндө Азамат тууралуу видео тасма тартып, коомчулукка алып чыккан. Бул берүүнүн аркасы менен Азамат кулчулук торунан бошонуп, өз алдынча жашоо кечире баштаган. Жакында эле ал ата-энесин издеп жүрүп акыры тапканын кабарлады.