«Чек арасыз кабарчылар» Иран бийлигин журналисттерди бошотууга чакырды

"Азади" ("Азаттык") аянтындагы бийликчил жыйын маалында. Тегеран, Иран. 2021-жылдын 10-февралы.

Иранда Нооруз майрамы белгиленээр алдында «Чек арасыз кабарчылар» (RSF) укук коргоо уюму расмий Тегеранды абакта жаткан 21 журналистти бул майрамдын урматына бошотууга чакырды.

«Алардын жалгыз кылмышы - өз милдетин так аткарып, маалыматтарды жеткирип турганы болгон», - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму бийликтерди ирандыктардын эң башкы майрамы саналган ноорузду белгилөө күндөрү абактагы журналисттерди эркиндикке чыгарып, үй-бүлөлөрү менен майрамды чогуу тосуусуна шарт түзүүгө чакырды.

Дагы караңыз Иран оппозициячыл журналистти өлүм жазасына тартты

Иран абактагы журналисттердин саны боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орунда турат. «Чек арасыз кабарчылар» уюму 2020-жыл үчүн жарыялаган сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча Иран 180 өлкөнүн ичинен 173-орунду ээлеген.

Коронавирус пандемиясы өлкөдөгү журналисттердин турмуш шартын дагы кескин начарлатканы айтылып келет. Ирандагы цензура коронавирус илдетинен өлгөн жана жабыр тарткан кишилердин санын так көрсөтүүгө да маалымат каражаттарына мүмкүндүк бербейт.