Боорукер таксист жана инспекторлор, Арстанбапта форель баккан ишкер

Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Жалал-Абад

Арстанбаптык ардагер Рахманалы Базаров өз алдынча балык чарбасын түптөп, туристтик аймакка келген эс алуучуларга кызмат көрсөтүп келет. Чүй боорунан жана Казакстандан алып келип, тоо боорундагы мөңгү сууда өстүрүп жаткан форелдери азыр 3 килограммга чейин жетилип калды. Кышы узак, жайкысын кооз аймакта да балык өстүрсө болорун Базаров башкаларга көрсөтүүдө. Анын кардарлары эс алуучулар менен жергиликтүү тургундар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаңгак токоюнда балык уулаган туристтер

Баткен

Баткенде дарыгерлер үчүн жаратылышта обсервациялык орундар даярдалды. Оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды, 14 күн бою дарылап чыккан дарыгерлер үчүн, таза аба, кооз жаратылышта жайгашкан обьекттерге обсервация орундары даярдалууда. Учурда бул жайда кооптуу зонада эмгектенген дарыгерлер жайгаштырылган. Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, ар бирине резервдик фондунан 5000 сомдон акчалай сыйлык тапшырды.

Баткен.

Ысык-Көл

"Коронавирус илдетине каршы күрөштө Түп районуна жардам" акциясы аягына чыкты. Ага жалпысынан 773 350 сом чогулуп, анын 648 350 сомуна зарыл болгон медициналык каражаттар жана дары-дармек сатып алынган.

Калган 125 000 сом рентген аппарат сатып алуу үчүн берилгенин Максат Дамир уулу "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Ош

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Орусиядан келген 70 медицина кызматкери коронавируска каршы иштеп жаткан дарыгерлерге жардам берүүдө.

22-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги 20 аскердик медиктен турган алты бригаданы бир айлык мөөнөткө жөнөткөн. 24-июлдан тартып төрт бригада Бишкектеги, экөө Ош шаарындагы аскердик госпиталдарда ишке киришти. Алар коронавируска чалдыккан аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүшөт.

Башкыртстандык дарыгерлердин бир тобун Ош шаары тосуп алды. 24.07.2020

23-июлда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Башкырстандан 50 медицина кызматкерин жөнөткөн. Беш топко бөлүнүп иштей турган делегациянын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистер бар. Буга чейин алар баары коронавирусту дарылоого катышканы, Кыргызстанда үч ай иштери айтылды.

Башкырстандык дарыгерлер Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ооруканаларына бөлүштүрүлүүдө.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери «түнкү өспүрүм» жана «кароосуз балдар» деген аталыштагы рейддин жүрүшүндө, тилемчилик кылып жүрүп кармалган 12 жашар өспүрүмдүн үй-бүлөсүнө жардам беришти. Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, калаанын аймагында кайыр сурап жүргөн 12 жашар Адилет (аты өзгөртүлдү), инспекторлорго оорукчан апасы үчүн дарыга акча топтоп жаткандыгын айткан. Кызматкерлер баланын убактылуу жашаган үй дарегин билишип, аны жашаган аймагы боюнча Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен. Андан соң кызматкерлер дарек боюнча баланын жашаган үйүнөн кабар алышып, апасынын ооруп жатканына байланыштуу иштегенге дарманы жок экенин, алар эскилиги жеткен үйдө убактылуу батирде жашап жатышканын көрүшкөн. Өспүрүмдүн үй-бүлөсүнүн жашоо-шарты менен таанышкандан кийин инспекторлор баланын апасына дарыгерлер жазып берген жети миң сомдук дары жана беш миң сомго азык-түлүк алып, жардам көрсөтүшкөн.

Чүй

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өлкө аймагында ыктыярчылардын демилгеси менен ачылган күндүзгү стационарлардын таштанды маселесин козгоду. «Азаттыкка» курган маегинде ал өзү жашаган Кырман конушунда 13-июлдан бери күндүзгү стационар ачып иштетип жатканын, тогуз күндө беш жүздөй адам тейленгенин, таштанды маселесине байланыштуу айыл өкмөтүнө, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ), өкмөттүк аппаратка кайрылып, жол-жобосу тууралуу так жооп ала албаганын айтып берди.

Ал ошондой эле "Фейсбуктагы" баракчасына Кырман конушундагы обсервациянын ишмердүүлүгү, аталган аймактагы элдин илдет менен күрөшүү аракеттери тууралуу жазып, сүрөт, видеолорду илип жатат. Видеолорунун биринде конуштун атын атабаган бир тургуну тыйындан чогулткан 2450 сомдон ашык каражатты СOVID-19 илдети менен күрөшүүгө алып келгени баяндалган.

Талас

COVID-19 жана пневмония илдети менен күрөшүүгө ишкерлер дагы өз салымын кошууну улантып жатышат. Таластык ишкерлер облустагы ар бир стационарга торт жана суусундук жеткирип, кайрымдуулук кылганын "Талас ЖИА" уюму "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Бишкек

Бүгүн, 24-июлга «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай – Бишкек» каттамы менен Бириккен Араб Эмираттарынан 142 мигрант Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Жүргүнчүлөрдүн ичинде Сауд Арабиясынан, Иорданиядан, Пакистандан, Бахрейнден, Мальдивден, АКШдан, Сингапурдан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Камбоджадан «Emirates airlines» компаниясынын каттамдары менен Бишкекке келе жатып, Дубайда калып калган кыргызстандыктар да бар.

Бишкектен Жалал-Абадга 2 млн. сомдук жардам жөнөтүлдү

Жалалабад, Токтогул, Үч-Терек, Шопок, Тоолук, Көтөрмө айыл аймактарына 2 млн. сомдук жардамдын бир бөлүгү жеткирилди. Бул тууралуу журналист, алып баруучу Канай Анаркулов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы пандемия шартында муктаж болгондорго жардам көрсөтүп, кайрымдуулук менен алек болуп жатат деген сүрөт учурда социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Бул демилгеге ыраазычылык билдирип, алкыш айткандар менен кошо, сындагандар да бар.

Подкаст

«Азаттык» радиосунун «Пандемия мени кандай өзгөрттү?» деп аталган подкаст сынагына Чынара Айтбаева жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Ал Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында мигрант. Кыргыз бийлигинин илдет учурундагы жоопкерчилигине кейип, кыялдары өзгөргөнүн баяндайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бийликтин элге мамилесинен түңүлдүм

Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгү Москвада эмгектенген кыргызстандык таксист Жоодарбек Жаанбаевге ыраазычылык катын тапшырды.

Буга чейин Орусиянын Тобольск шаарынан Москвага кызын дарылатканы келген жүргүнчүнүн абалын түшүнүп, 1500 рубль жол кире акысын албай койгон кыргызстандык жаран тууралуу маалымат социалдык тармактарга кызуу талкууга алынган эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​