Бишкектеги Novotel мейманканасында чыккан өрт өчүрүлдү (видео)

Novotel

Бишкектеги Novotel мейманканасындагы өрт өчүрүлдү. Мейманкананын башкы менежери Родеррих Лефлер имараттын өрт коопсуздугуна байланыштуу системасы убагында иштеп, анын жайылышын алдын алууга мүмкүн болгонун "Азаттыкка" билдирди.

"Сигнализация иштегенде эле биз мейманканага жайгашкан адамдарды, конокторду жана кызматкерлерди атайын белгиленген жайга алып чыктык. Өрт имараттын ичине өткөн жок, болгону сырткы фасадынын бир бөлүгү гана күйдү. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен жалын толугу менен өчүрүлдү", - деди мейманканынын менежери.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалын электр зымдан тутанган деп болжолдоп жатат. Зым тоңуп калбоо үчүн суу агуучу түтүктүн ичинен койо берилген. Өрттүн аянты болжол менен 50 чарчы метрди түзөт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Novotel мейманканасында өрт чыкты

Novotel мейманканасы франшиза катары Бишкекте быйыл жайында ачылган. Бренд франциялык компанияга караштуу, ал эми мейманканага жергиликтүү ишкерлер ээлик кылат. (КЕ)

Дагы караңыз

Таласта өгөй кызын зордуктоого шектүү кармалдыКара-Кечеде дагы жер көчтүCOP26: Дүйнөдө токойдун үчтөн бири жоголуудаКыргызстанда бир жылда өсүмдүк майы 1,5 эсе кымбаттады