Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Кыргызстанда бир жылда өсүмдүк майы 1,5 эсе кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир жылда өсүмдүк майынын баасы дээрлик 1,5 эсеге кымбаттады. Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калктуу конушуна мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу өсүмдүк майына болгон баалар республика боюнча 45,7% жогорулаган.

Күн карама майынын чекене баалары республика боюнча орточо эсеп менен өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 42,2% жогорулаган, ал эми пахта майынын баасы 48,4 % өстү.

Күн карама майынын баасы Кара-Суу (184,61 сом), Ош (183,85 сом) жана Нарында (183,60 сом) кымбатырак экени байкалган. Ал эми пахта майы Токмок (196,16 сом), Жалал-Абад (186,13 сом) жана Токтогул (184,78 сом) шаарларында салыштырмалуу жогору экени аныкталды.

Статкомдун буга чейин берген маалыматына караганда, 2020-жылга салыштырмалуу акыркы тогуз айда өлкөдө баалар жана тарифтер 6,5% кымбаттады. Көбүрөөк алкоголь менен тамеки кымбаттады (9,8%), ошондой эле, тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга баа 7,4% өстү. Мөмө-жемиштердин арасынан лимон 47% кымбаттаса, гречка 31,6%, өсүмдүк майы 21,5%, кумшекер 20,5% жогорулады. Ошондой эле балык, эттин бардык түрү, нан жана кондитер азыктары кымбаттаганы байкалды.

Улуттук статистика комитети дүйнөлүк рыноктогу кымбаттоону эске алып 2021-жылдын экинчи жарымында да баалар өсүшү ыктымалдыгын эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG