Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Евробиримдиктин делегациясы Тайвандын президенти менен жолукту


Тайванга келген Европарламенттин депутаттары, 3-ноябрь 2021-жыл.
Тайванга келген Европарламенттин депутаттары, 3-ноябрь 2021-жыл.

Тайвандын президенти Цай Инвэнь Европа Биримдигинин депутаттарынын алгачкы делегациясын кабыл алды. Бул делегация Европа парламентинин Тайван менен карым-катышты тереңдетүүгө чакырган резолюциясынан көп өтпөй Тайбэйге келди.

Октябрь айында кабыл алынган документте депутаттар Кытайдын Тайванга карата аскердик агрессиясына, аралдын аба мейкиндигин бузуп кирүү аракетине жана дезинформация өнөктүгүнө тынчсыздануусун билдиришкен.

"Биздин бул сапарыбыз Тайван Брюсселдин жана ар бир мүчө мамлекеттин күн тартибинде канчалык жогорку сапта турарын күбөлөп турат", - деп айтты Тайбэйге келген Европарламенттин Франциядан шайланган депутаты Рафаэль Глюксманн.

Ал президент Цай Инвэнь жолугушуусунда Тайван жалгыз эмес экенин, Европа аралдын эркиндикти жана мыйзам үстөмдүгүн коргоо аракетине колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Президент Инвэнь европалык депутаттардын Тайванга келишин "абдан оорчундуу" окуя катары мүнөздөдү.

Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Европа 13 кишиден турган делегацияны жөнөтүү менен Тайвандагы "жикчил күчтөргө туура эмес белги берип жатат" деп билдирип, "бул катаны оңдоо" зарыл экенин айтты.

Тайбэй Ватикандан башка Европанын бир дагы өлкөсү менен расмий дипломатиялык алака түзгөн эмес.

Тайван 1949-жылдагы жарандык согушта Коммунисттер жеңип чыккандан кийин Кытайдан бөлүнүп алган. Тайван лидерлери Кытайдан өз алдынча болууну көздөп келет. Кытай Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG