Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Нидерланддагы гезиттин кабарчысы Орусиядан чыгарылды


Москвадагы Кызыл аянт. Иллюстрациялык сүрөт.
Москвадагы Кызыл аянт. Иллюстрациялык сүрөт.

Нидерланддагы "Фолкскрант" (de Volkskrant) гезитинин кабарчысы Том Веннинк Орусиядан чыгарылды. Бул тууралуу гезит 3-ноябрда жазды.

Анда айтылгандай, эки күн мурда Веннинктин Орусияда туруктуу жашоого уруксат берген документи артка чакыртылган. Орус бийлиги журналист "административдик тартип бузган" деген жүйөнү келтирген.

Гезиттин маалыматына ылайык, орус бийлиги Веннинкке өлкөгө кирүүгө 2025-жылга чейин тыюу салып, үч күн ичинде Орусиядан чыгып кетүүнү талап кылган.

Орусиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, нидерланддык журналист 2019-жылы жашаган дарегин өзгөрткөнү тууралуу тиешелүү органдарга маалымат бербегени жана быйыл январда жергиликтүү бийликтен уруксат албастан Ыраакы Чыгыштагы Чукотка жарым аралына барганы үчүн өлкөдөн чыгарылган.

Гезит мындай эреже бузуулар журналистти өлкөдөн чыгарууга негиз бербей турганын белгилеп, мындай чечим Амстердам менен Москванын мамилеси начарлап турган учурда кабыл алынганын эске салды.

Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги Москванын соңку кадамына өкүнүчүн билдирди.

"Эгер журналист өз эркине каршы өлкөдөн чыгууга туура келип жатса, анда бул Нидерланд үчүн кабыл алынгыс", - деп айтылган билдирүүдө.

Август айында орус бийлиги "Би-Би-Синин" Москвадагы кабарчысы Сара Рейнсфордду "улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат" деген жүйө менен өлкөдөн чыгарган. Москванын бул чечими эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG