Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Масадыков Кабулда беш күн жүрүп келгенин айтты


Кабулдагы көчө. Иллюстрациялык сүрөт.
Кабулдагы көчө. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков өткөн жумада беш күн бою Ооганстанда болгонун, ал жакта абал анчалык кооптуу эмес экенин белгиледи.

"Ооганстанда мен өткөн жумада болуп келдим. "Талибан" бийлигинен аялдар маселеси боюнча сураганымда, алар мени автоунаага отургузуп, Кабулду кыдыртышты. Паранжы жамынган аялдарды Кабулдун четинен эле көрдүм. Негизинен жоолукчан, эркектердин коштоосуз эле жүрүшөт. Мектептеринде кыздар менен балдар өзүнчө окушат экен. Кабулда кыздар 6-класска чейин, түндүк провинцияларында 12-класска чейин окуп жатышат. Абал анчалык деле кооптуу эмес. Менин БУУдагы тааныштарым түнкү саат 11лерде эч кандай коргоочуларсыз эле келип, жолугуп кетишти", - деди Масадыков 4-ноябрда Бишкекте өткөн жыйында.

Таалатбек Масадыков Ооганстанга кандай максат барганын ачык айткан жок. Ал "Талибан" тобун азырынча кыргыз бийлиги тааныбай турганын билдирди.

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкекте Ооганстандагы кырдаалды талкуулаган жыйын өтүп жатат. Анда саясатчылар, окумуштуулар жана эксперттер Ооганстандагы кырдаалдын Борбор Азияга таасирин ортого салышууда.

Азырынча дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Октябрь айында Евробиримдик Ооганстандагы гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн 1 миллиард еврого тете каражат бөлө турганын билдирген.

Өткөн аптада АКШ Ооганстандагы каатчылыктан жапа чеккендерге 144 миллион доллардык жардам көрсөтүлө турганын жарыялады. Батыш мамлекеттери оогандыктарга гуманитардык жардам көрсөтүү - талибдердин бийлигин таануу дегенди билдирбей турганын баса белгилеп келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG