Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Таласта өгөй кызын зордуктоого шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта зордуктоого шек саналган 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 4-ноябрда "Азаттык" радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү 2021-жылдын июнь айынан бери Бишкекте туугандарынын үйүндө жашырынып жүргөн. Ага Кара-Буура райондук милициясы издөө жарыялап, Бишкек шаарынан кармаган.

Соттук өндүрүштүн алкагында тергөө жүргүзүлүп, шектүү сурак берүүдө.

"Азаттык" июнь айында Таласта 16 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу сюжет жарыялаган. Ошол учурда кыздын беш айлык боюнда бар экени айтылган.

Мамлекеттик статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, 18 жашка чейинки куракта көз жарган кыздардын саны 2013-2014-жылдарга салыштырмалуу азайганы менен токтой элек. Ага ылайык, учурда миң өспүрүмгө алты төрөт туура келет.

Жыл сайын 13-17 жаштагы 500дөй кыз көз жарат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG