Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Орусияда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны жаңы чекке жетти


Москвадагы бейтапканалардын бири, 8-октябрь 2021-жыл.
Москвадагы бейтапканалардын бири, 8-октябрь 2021-жыл.

Орусияда соңку бир сутка ичинде 1195 киши COVID-19дан көз жумду. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун курмандыктарынын бир күндүк саны мынчалык жогору чекке жете элек болчу.

Орусиянын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабы 4-ноябрда билдиргендей, акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө 40 217 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын ичинен 6305 адам Москванын тургундары.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин вирусту ооздуктоо үчүн 30-октябрдан 7-ноябрга чейин көпчүлүк мамлекеттик мекемелер жана бизнестер үчүн каникул жарыялаган. Орусиянын Челябинск жана Новгород сыяктуу бир катар региондору мындай эс алуу күндөрүн узартууну караштырып жатат.

Москванын бийлиги 8-ноябрдан кийин ишканалар ачыларын билдирди. Бирок компаниялардын кызматкерлеринин кеминде 30 пайызы үйүнөн иштеш керек.

146 миллиондой калкы бар Орусияда пандемия башталгандан бери кеминде 8,5 миллиондон ашуун киши өпкөнү сезгентүүчү бул вирусту жугузуп алды. Расмий статистикага ылайык, өлкөдө 240 миңдей адам COVID-19дан кайтыш болду. Бирок коронавирустун курмандыктарынын саны расмий айтылгандан жогорку экени белгиленип келет.

Адистер Орусияда илдеттин күчөшүн коронавирустун "Дельта" варианты жана эмдөө жараянынын солгун жүргөнү менен байланыштырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG