Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

БШК партиялардын шайлоо фонддору тууралуу маалымат берди


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрда боло турган саясий жарышта ат салышып жаткан партиялардын шайлоо фонддорун каржылоо боюнча маалымат берди.

3-ноябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуна жалпы 120 млн. 180 миң 392 сом түштү. Анын 102 млн. 478 миң сомдон ашууну сарпталды. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери партиялардын ичинен "Ишеним" эң көп каражат жумшаган (19 млн. 572 миң 399 сом). Андан кийинки орунда 17 млн. 627 миң 837 сом сарптаган "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы турат. "Альянс" партиясы 12 млн. 927 миң 235 сом жумшаган. Кийинки орундарда "Эл үмүтү" (10 млн. 827 миң 821 сом), "Ынтымак" (7 млн. 422 миң 266 сом) партиялары.

БШК шайлоого катышып жаткан 21 партиядан түшкөн жана коротулган каражаттардын тизмесин жарыялады.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия, бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 306сы калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG