Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Жогорку сот Талант Мамытов боюнча БШКнын арызын экинчи ирет кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сот "Ынтымак" партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Мамытовду "Ынтымак" партиясынын тизмесинен алуу жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) арызын дагы артка кайтарды. Жогорку соттун катчылыгы 4-ноябрда билдиргендей, БШКнын арызы кассациялык арыз берүү мөөнөтүнөн кеч берилген.

"Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин" 203-беренесинин 6.7-бөлүгүнө ылайык, биринчи сот бутагынын күчүнө кирген чечими чыккан учурдан тартып, үч календарлык күндүн ичинде кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Мөөнөттөн кечиккен даттануулар кабыл алынбайт", - деп жазылган маалыматта.

24-октябрда Боршайком Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бишкектин административдик соту 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгарган. Боршайком бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз жолдогон. Жогорку сот арызды 2-ноябрда карап, ал Административдик-процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт деген негиз менен артка кайтарган. Боршайком арызды оңдоп кайрадан жибере турганын билдирген.

БШК 2-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышып жаткан Талант Мамытовдун партиянын тизмесинен алып салуу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрадан кайрылган.

Быйыл кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кетиши керек. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

Мамытов “Ынтымак” саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган. 28-октябрдан баштап парламент спикеринин милдетин Аида Касымалиева аткарууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG