Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Турак жайларда чыккан өрт көбөйдү, ӨКМ эреже сактоого чакырды


Өрт өчүрүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Өрт өчүрүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

3-4-ноябрь күндөрү Кыргызстанда ондон өрт кырсыгы катталды. Басымдуу бөлүгү турак-жайларда чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

4-ноябрда Бишкектеги тигүү цехинде чыккан өрт төрт жашар наристе кыздын өмүрүн алды.

ӨКМ өрткө үйлөрдөгү мештердин туура эмес курулушу себеп болуп жатканын белгилеп, жарандарды этияттыкка чакырууда.

Кыргызстанда 3-4-ноябрда кар жаап, күн сууктаганына байланыштуу меш, жылыткыч колдонгондор көбөйдү. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG