Бишкекте кармалган журналисттин энеси Мирзиёевге кайрылды

Бобомурод Абдуллаев.

Бишкекте камакка алынган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин энеси Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, жалган жалаага кабылган уулун бошотууну суранды.

9-августтун кечинде Бишкектеги кафелердин биринде Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан кармалып, учурда Ташкентке экстрадициялоо маселеси каралып жаткан журналист Бобомурод Абдуллаевдин энеси - 73 жаштагы Гавхаржон Мадаминова 11-августта Шавкат Мирзиёевге кайрылып, «уулуна касташкандар жалган жалаа жапканын, алар аны жок кылууну көздөп турушканын» айтты.

«Уулум дайыма сизди колдочу. Ал «Мирзиёев болбосо, мен эч качан эркиндикке чыкмак эмесмин» деп айтчу. Мен сизге эне катары кайрылып жатам. Мурун камакка алынганда уулума «сен бүгүн бошоп кетип жатасың, эмкисинде колубузга түшсөң, башкача болот, сен бир жыл отурсаң да, бул жактан тирүү чыкпайсың, сөөгүңдү бырчалап, энеңе жөнөтөбүз» деп айтышкан экен. Уулум муну сотто, өзүнүн видеокайрылуусунда да айткан. Сизден суранам, жардам бериңиз. Жалган жалаа менен уулумдун түбүнө жеткени калышты. Мен Мирзо-Улугбек районунун прокуратурасы койгон айыптоолорго макул эмесмин. Уулума каршы токулган жалган жалаа деп эсептейм», - дейт журналисттин энеси видеокайрылууда.

Дагы караңыз «Абдуллаевди камоо Бишкектин аброюн кетирет»

Абдуллаевдин адвокаттары Өзбекстандын укук коргоо органдары аны Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын маалымдашкан.

Өзбек кызматтары Абдуллаевге «"Фейсбук"менен "Телеграм" социалдык тармактарына «Қора мерган» деген ат менен расмий Ташкенттин башчылыгын жүйөсүз сындап, Мирзиёевдин үй-бүлөсүн коррупцияга, өзүн премьер-министрлик кызматта турганда бир катар кылмыштарды жасаган деп далилсиз айыптаган макалаларды жазган» деп айыптап жатат.

Журналисттин энеси Абдуллаев Бишкекте камакка алынардын алдында "Youtube" каналына видео чыгарып, анда бул макалаларга эч кандай тиешеси жоктугун айтканын, уулу камакта отурган кезде деле «Телеграм» каналына «Қора мерган» жазган макалалар жарыкка чыгып жатканын белгиледи.

«Бир-эки адам Интернетке ««Қора мерган» бул Бобомурод» деп жазганда эле мен Бишкектеги уулума байланышкам. Ал «Эне, менин ага тиешем жок, мен колума Куран кармап, Аллахтын алдында сөз берем, мени душмандарым каралап, чагым салып жатышат» деген. Мен уулума ишенем. Мындан кийин ал 26-июлда «менин «Кора мерганга» тиешем жок» деген видео тартып, фактылары менен макалалардагы айырмачылыктарды далилдөөгө аракет кылган. Эгерде уулумду «Қора мерган» дешсе, 9-10-11-августта жарык көргөн макалаларды ким жазып жатат? Уулум Бишкекте камакта отуруп алып, чыгарып жатабы? Муну эске алышыңызды суранам», - дейт Абдуллаевдин энеси.

Гавхаржон Мадаминова Шавкат Мирзиеёвге буга чейин 2017-жылы 16-октябрда да кайрылган. Анда Бобомурод Абдуллаев «Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен Ташкентте камакта отурган.

Атайын кызматтын тергөөчүлөрү аны коркутуп, кыйнаганын айткан Бобомурод Абдуллаевди 2018-жылы май айында сот шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.

Муну эл аралык укук коргоочу уюмдар менен Батыш өлкөлөрү «Өзбекстанда президентикке Мирзиёевдин келиши менен сөз эркиндигинин абалы жакшырды» деп баалап, кубаттап тосуп алышкан.

Эл аралык уюмдар расмий Бишкекке кайрылышты

Учурда укук коргоочу жана сөз эркиндигин коргогон бир катар абройлуу, эл аралык уюмдар Бобомурад Абдуллаевдин Кыргызстанда кармалышын сындап, расмий Бишкекти аны бошотууга чакырып жатышат.

Amnesty International, Association for Human Rights in Central Asia (AHRCA), Civil Rights Defenders, International Partnership for Human Rights (IPHR), Freedom House, Freedom Now жана Norwegian Helsinki Committee (NHC) уюмдарынын орток билдирүүсүндө Абдуллаевди айыптоолор «токулган кылмыш иш» катары бааланып, Бишкек аны Ташкентке өткөрүп берсе, журналист кыйноого дуушар болуп, 20 жылга чейин эркинен ажыратылары белгиленген.

Эл аралык уюмдар кыргыз өкмөтүнө Кыргызстан Кыйноолорго каршы комитетке мүчө экенин, журналистти кыйноо кеңири колдонулган өлкөгө экстрадициялоо эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин эскертишкен.

«Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын экстрадициялоо суранычын четке кагып, Бобомурод Абдуллаевди тез арада бошотушу керек» деп айтылат эл аралык укук коргоо уюмдарынын катарына кийинчирээк кошулган «Журналисттерди коргоо комитетинин» кабарында.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) болсо, өзбекстандык жаран 9-августта 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск конвенциясынын алкагында кармалганын айтып келет.

Дагы караңыз Журналисттин тагдыры жана Бишкектин аброю

Эл аралык уюмдардан тышкары 13-августта АКШнын Ташкенттеги элчиси Дэниел Розенблюм Бишкек менен Ташкентти Абдуллаевди коё берүүгө чакырып, «Твиттерге» «Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү Абдуллаевдин эркин жүрүү укугун урматтоого жана анын каалаган жерге кетишине жол берүүгө тийиш» деп жазды.

Өзбекстандык журналист 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 8-сентябрга чейин камакта калтырылган. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында. Сот алдында Абдуллаев журналисттерге мыйзамсыз кармалганын жана күнөөсүз экенин айткан.

Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​