Анжияндык сопу айымдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Суфизм же сопучулук арбактарга сыйынган байыркы шаманчылык менен биздин аймакка мындан 13 кылым мурда тарай баштаган исламдын жуурулушунан пайда болгон руханий салт. Ички дүйнөнү таза тутуу, көрпенделиктен кечип, жаратканга жакын болууну эңсеген сопулар өз салтында поэзияны, музыканы кеңири колдонушат.

Кожо Баховатдиндинге арналган ырды* ушул жерден угуңуз:
http://www.azattyk.org/externalaudio-FLRM/Audio/336598.html

Суфилердин арасында аялдар да болгон, алар бүгүн да бар. XII кылымда жашап өткөн сопу Ахмад Яссавинин ырларын созуп, зикир чалган отин ойлор же бүбүлөр Анжия аймагында азыр дагы бар. Султанованын бүбү, сопу айымдар тууралуу «Шаманизмден суфизмге: Борбор Азиядагы аялдар, ислам жана маданият» деген изилдөөсү жакында Британияда китеп болуп чыкты. Бул уникалдуу илимий эмгектин автору азыр Кэмбридж университетинде эмгектенет. Окумуштууга жакында Жаңыл Жусупжан Лондондо жолукту.

- Сиз жазган жети китептин соңкусу Борбор Азиядагы шаманчылык, сопулук жана аялдар темасына арналат. Суфизмдин жолдоочулары арасында аялдар да барбы?

- Эң туура суроо. Салттуу исламда аялдарда өздөрүнүн суфий орденин түзүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бирок ар бир сопу уюмунун аялдар бөлүмү болгондугу тууралуу тарыхта көп далилдер бар. Аял сопулар эркектер сүкүткө түшкөн жайларга жакын жерде же өз үйлөрүндө чогулушкан, алар ошол эле суфи ордендерин өнүктүрүүгө жардамдаш болушкан. Бухаралык окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, айрым айымдар белгилүү сопу катары таанылган жана алардын өз окуучулары болгон.

- Ал эми бүгүн шаман, сопу аялдар барбы?

"Ичкаридеги" бешик той, Өзбекстан, Разия Султанова тарткан сүрөт

- Чындыгында бүгүн мамлекеттин колдоосуна ээ болгон же мамлекет тарабынан катталган сопулар эркектердин арасында да жок. Ошондуктан алардын бүгүн аялдардын арасында да жок экендиги таң калыштуу эмес. Бирок мен 20 жыл ичинде жүргүзгөн изилдөөмдө аялдардын диний активдүүлүгү биринчи кезекте үйдө болоорун аныктадым. Улуу, орто муундагы аялдар жана кичинекей кыздар үйдүн өзбектер «ичкари» деп аталган ички бөлүгүндө чогулуп, улуулары кичүүлөрүнө мистикалык поэзияны же куранды окуганды үйрөтүшөт. Мистикалык ооз эки чыгармачылык кезегинде аялдардын арасында кеңири тараган. Алар XII кылымда жашап өткөн сопу Ахмед Яссавинин ырларын созуп окушат, бул ырларды жатка билишет. Алардын угармандары негизинен албетте, аялдар.

- Сиз сопуларды Өзбекстанда изилдедиңизби?

Дутарчы кыз, С. Дудиндин сүрөтү, 1885-1892-жж.

- Ооба, негизинен Фергана өрөөнүндө изилдедим. Ал жакта өзбектердин үйүнүн структурасы ушундай: биринчи бөлүмү коноктор, коңшу-колот үчүн деле, ал эми төр жагына же «ичкариге» аялдар, үй-бүлө мүчөлөрү жана жаш балдар гана кире алат. Дал ушул «аралчада» мистикалык маданияттын тарыхы жана салттары сакталып, бүгүн да өсүп-өнүгүп жатат.

- Сиздин ордуңузда эркек изилдөөчү болгондо, ал «аралчага» кире алмак эмес, туурабы? Демек бүгүнкү күндүн аял сопулары тууралуу биз билбей калмакбыз. Мусулман элдеринде ушундан улам аялдарга тийешелүү көп нерсе илимге белгилүү болбой калган эмеспи. Сиз түндүк Ооганстанда да иштедиңиз, ал аймактарда аял-музыканттар калган бекен?

- Эң туура. Өзбекстанда бул кечелерге кирүүгө мүмкүндүк алгандыгымдын себеби, менин чоң энем отиной, же бүбү болгон. Эркек изилдөөчүлөр бул көрүнүштү изилдөөгө эч качан мүмкүндүк алмак эмес, себеби айыл жергесинде такай өтүүчү бул кечелерге аларды киргизишмек да эмес. Ал эми өзбектер, тажиктер

Р. Султанованын «Шаманизмден суфизмге: Борбор Азиядагы аялдар, ислам жана маданият" деген китеби, 2011-жыл

басымдуулук кылган түндүк Ооганстанда музыкалык чыгармачылыкка аялдар да, эркектер да катышат. Аялдар мисалы той-тамашаларда ырдашат. Мен билген Сабзигүл деген ырчы бар. Жашы 70ке чыгып калса да, ал Өзбекстанда күнүмдүк турмуштун репертуарынан жоголуп кеткен ырларды ырдайт. Ал ырдап, дойра гана какпастан, өзгөчө ыкма менен ышкырганды да билет. Мындай ышкырык үйлөнүү тоюнда ырларды аткаруунун өзгөчөлүү, архаикалык формасы болуп саналат.


- Сиз Ооганстанга барганда андижандык чоң энеңизге окшоп, паранжы жамынып жүрдүңүзбү?

- Менин чоң энем Өзбекстанда паранжыны чечип салган биринчи аялдардан болгон. Мага Ооганстандагы өзбек калкынын музыкалык аткаруучулугун изилдөө үчүн паранжы жамынууга туура келди. Паранжы жамынганда мени эч ким башкалардан айырмалай албайт болчу, ал эми паранжанын ичинде ишке пайдаланган фотоаппарат, видеомакераны катып жүрчүмүн.

- Сиз Ооганстанда ишиңизге байланыштуу паранжы жамындыңыз. Бүгүн Өзбекстанда эмес, аялдар паранжы дегенди билбеген Кыргызстанда аларды коомдук жайларга жолотпой, үйдөн чыгарбоону көздөгөн радикалдык көз караштар күч алууда. Ушуга байланыштуу эгер аялдарга кайра паранжы жамынууга туура келсе, алардын музыкалык жана сопулук өнөрү эмне болот?

Өзбекстандык аялдар, Р. Султанова тарткан сүрөт

- Мен аялдар коомдун тең укуктуу мүчөсү болуш керек деп эсептейм. Аялдардын мурасы - эң салттуу, эң нарктуу мурас. Анткени маданияттын тамырын жана сулуулугун дал аялдар сактап келет. Мухаммед пайгамбар «бейиш эненин аягы астында жатат» деп айткан. Исламда энени, аялды дайым аздектешкен. Аял киши коомдогу тең укуктуу адам болуш керек, ошондо ал Борбор Азия элдеринин салттарын келерки муундар үчүн сактап калат.


*Борбор Азиялык эң тунгуч суфи ордени болгон Накшбанди мектебинин негиздөөчүсү Кожо Баховатдиндинге арналган ырды Анжиянда Разия Султанова жаздырып алган