Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Талибдер музыкага эмне үчүн каршы ?


Талибдер аскерий эле эмес, маданий майданда да согушууда

Талибан кыймылы Ооганстан менен Пакистанда өкмөткө каршы гана күрөш жүргүзбөстөн, маданий майданда да согушууда. Талибдердин бул эки өлкөдө музыкага жана музыканттарга каршы өнөктүгүнүн себептери кайда жатат? “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кабарчысынын суроолоруна британиялык этнограф жана музыка таануучу Жон Бейли (John Baily) жооп берди.

“Азаттык”: -Талибдер музыкага эмне үчүн каршы жана музыканттарды коркутуусунун жүйөсү эмнеде жатат деп ойлойсуз?

Жон Бейли: - Алар музыкага мынчалык эмне үчүн каршы экенин мен чынында эле түшүндүрүп бере албайм. Көптөгөн кылымдар бою ислам салтынын алкагында музыка жашоодогу башка олуттуу иштерден алагды кылат деген ой-тутум калыптанып калган. Бирок бул жээктин бир гана тарабы. Айрымдар музыка ыймансыз жүрүм –турумга жетелөөсү мүмкүн деп ойлошот. Демек, бул менин пикиримде узак мезгилден бери өкүм сүрүп келген тенденциянын ашыкча эле көбүртүлүп – жабыртылышы. Албетте, музыкага каршылар жалгыз эле талибдер эмес. Дегеле алар музыканын баардык түрлөрүнө каршы эмес. Диний ырларды музыкалык аспаптарсыз ырдоого уруксат беришет. Мен муну Ооганстанда музыканы цензуралоо жөнүндөгү китебимде айтканмын. Эгер сиз талибдердин ырды таптап окугандарына карасаңыз, бул иш жүзүндө өзгөчө музыка. Демек биз буга башкача жол менен карасак болот. Бул музыкага жөн эле тыюу салуу эмес, түрдүү музыкалардын өз ара атаандаштыгы. Биз музыкалык аспаптарсыз эле өзүбүздүкүн чыгара алабыз, силер болсо өзүңөрдүкүн жасай бергиле. Анткени музыкалык аспаптар шайтандын аспабы дегендик.

“Азаттык”: - Анда мындай турумду коомдогу оппоненттерди тынчытууну альтернативалуу көз –карашты жок кылууну көздөгөн саясий стратегиянын бир жолу десек болобу?

Жон Бейли: - Менимче бул жерде мунун аспектилери бар. Мен талибдер бүгүн мындан он жыл мурда, Ооганстандын алкагыда өзгөчө чектөө киргизилген учурдагы адамдар эмес экенинен жакшы кабардармын. Кандайдыр бир деңгээлде мамиле да өзгөрсө керек.

“Азаттык”: - Токсонунчу жылдардагы Ооганстандан айрымаланып, талибдер азыр Пакистанда толук көзөмөл орнотпогону менен бул жаатта колдон келгендин баарын жасашууда. Мисалы алар көзөмөлдөгөн же таасири бар аймактарда FM радиолорун уюштурушкан. Өзгөчө Сват өрөөнүндө Талибандын ырлары, DVDлери өзүнөн -өзү эле индустрияга айланып кеткени кызыктуу. Себеби кээ бир жерлерде музыкалык продукцияларды саткан дүкөндөрдү алар ээлеп алышкан. Ошол жайлар учурда Талибандын ырларын, пропагандалык DVDлерин сатышат. Кээ бирлеринин мазмуундары үрөй учурарлык, адамдын башы алынган учурлар тартылган. Буга эмне дейсиз?

Жон Бэйли: - Жакшы, мен аларды көргөн жокмун, бирок биз мен мурда музыкалык эки системанын атаандаштыгы жөнүндө айткандарга кайтуудабыз. Алар мындан чоң бизнес жасашууда. Адамдар ыр жаздыруу индустриясынан, кассеталарды, CDлерди жана ушул сыяктуу нерселерди сатуудан көп эле акча жасаары анык.

“Азаттык”: - Музыкасы коркунучка кабылган башка коомдор да барбы, же бул көрүнүш бүгүн талибдерге эле мүнөздүүбү?

Жон Бэйли: - Музыканы тигил же бул жол менен цензуралоо дүйнөнүн көпчүлүк бөлүктөрү үчүн мүнөздүү көрүнүш. Бирок адатта музыканын цензурасы белгилүү бир ырларга, ырчыларга карата өзгөчө алардын саясий жүзү болгондо колдонулат. Мисалы Түштүк, Латын Америкада диктатордук режим өкүм сүргөн доордо демократия, саясий идеялар жөнүндө ырдаган ырчылар алардын саясатына шайкеш келбей, куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн же түрмөгө түшкөн. Түштүк Африкада апартеид доорунда, ал режимге каршы ырдаган ырчылар, бийлик тарабынан олуттуу тоскоолдуктарга кабылган. Алардын үйлөрү бомбаланган. Демек мен муну бүткүл дүйнөлүк деп айта албайм, бирок кеңири жайылган көрүнүш. Бирок Талибандын мамилеси абдан эле чектен чыгып кеткендик.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG